Эмгекти нормалоо

Википедия дан

Эмгекти нормалоо - белгилүү бир продукцияны иштеп чыгарууга жумшалуучу убактыны эреже боюнча жумушчу күндүн ичинде аныктоо.

Эмгекти нормалдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

  • адистештирилген эмгектин айрым түрлөрүнүн ортосундагы сандык шайкештикти (пропорцияны) аныктоо;
  • мындай аныктоону жүргүзгөндө кызматкерлердин кесипчилиги менен квалификацияларына ылайык аларды өтө сарамжалдуу пайдалануу максатында эмгектин сапаттык көрсөткүчтөрү да эске алынат;
  • техникалык жактан жабдуу, эмгекти жана өндүрүштү уюштуруунун түрдүү баскычында ишкананын, цехтин жана участканын өндүрүштүк кубаттуулуктарын аныктоо;
  • жаңы техникаларды өндүрүшкө киргизүүнүн экономикалык натыйжалуулугун баалоо, өндүрүштүк маселелерди туура чечүү;
  • иштин ыңгайлуу жагдайын, эмгектин, эс алуунун тиешелүү режимин аныктоо;
  • ар кызматкердин, жамааттын жалпы ишке катышуу үлүшүн, жумшалган эмгегине ылайык кошумча акы алууга укуктуулугун аныктоо;
  • фермер менен дыйкан чарбаларынын өз ара карым-катыштарын айкындоо.

Эмгекти нормалоо эмгекти жана өндүрүштү сарамжалдуу уюштуруунун, о. э. эмгекти пайдалануунун жана кызмат акыны аныктоонун негизи болуп эсептелет. Эмгекти нормалоо процессинде эмгекти үнөмдөөнүн жана жабдууларды пайдаланууну жакшыртуунун жолдору бышыкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9