Мазмунга өтүү

Эмгек акыда гендердик ажырым

Википедия дан
Бирдей ишке - бирдей акы

Эмгек акыда гендердик ажырым - бул иштеген эркектер менен аялдардын эмгек акысынын ортосундагы орточо айырма. Дүйнө боюнча аялдар эркектерге караганда аз айлык алышат. Эмгек акы ажырымына байланыштуу эки башка көрсөткүч бар: жөндөлбөгөн жана жөндөлгөн эмгек акы ажырымы. Экинчи көрсөткүч, иштеген сааттардагы айырмачылыктарды, тандалган кесиптерди, билимди жана иш тажрыйбасын эске алат. Америка Кошмо Штаттарында, мисалы, жөнгө салынбаган орточо аялдын жылдык эмгек акысы эркектердин орточо эмгек акысынын 79% түзөт, ал эми жөнгө салынган орточо эмгек акы үчүн 95% түзөт[1][2][3].

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда аялдардын эмгек акысынын эркектердикине катышы, 2021-жыл

Эмгек акыдагы айырмачылыктар кесиптик сегрегациядан (жогору эмгек акы төлөнүүчү тармактарда эркектер көбүрөөк жана азыраак эмгекакы төлөнүүчү тармактарда аялдар көбүрөөк иштейт), вертикалдык сегрегациядан (жогорку кызматтарда аялдар аз), эффективдүү эмес мыйзамдар же алардын жоктугу, жалпысынан аялдардын акы төлөнүүчү жумуш убактысы, жана эмгек рыногуна кирүүдөгү тоскоолдуктар (мисалы, билим деңгээли жана энелик деңгээли)[4].

Эмгек акыда жөндөлбөгөн гендердик ажырымын түшүндүрүүгө жардам берген айрым өзгөрмөлөргө экономикалык активдүүлүк, жумуш убактысы жана иш стажы кирет[4]. Гендердик факторлор, анын ичинде квалификациядагы жана дискриминациядагы гендердик айырмачылыктар, эмгек акынын жалпы структурасы жана өнөр жай секторлору боюнча эмгек акыдагы айырмачылыктар гендердик эмгек акыдагы ажырымга таасир этет[5].

Өнөр жай сектору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесиптик сегрегация же горизонталдык сегрегация кесиптеги кирешеге байланыштуу эмгек акыдагы диспропорцияны билдирет. 2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөө, кам көрүү кесиптеринде көбүнчө аялдардын иштегени гендердик эмгек акыдагы ажырымга олуттуу салым кошконун көрсөтөт[6].

Жогорку технологиялар каржылык жактан көбүрөөк пайда алып келет, "high-tech" же жогору технологиялык кесиптерде болсо негизинен эркектер иштейт, демек эркектердин орточо маянасы жогору болот[7]. Эркектердин, мисалы, тоо-кен казуу, курулуш, же өндүрүш сыяктуу салыштырмалуу жогорку эмгек акы төлөнүүчү тармактарда иштөө ыктымалдыгы аялдарга караганда жогору[8]. Аялдар, тескерисинче, "high-touch" же кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагында жана канцелярияда иштешет.[8]

2017-жылы АКШнын Улуттук Илим Фондунун жылдык каттоосу жүргүзгөн изилдөө илимдин ар кандай чөйрөлөрүндө эмгек акыдагы ажырымдарды көрсөттү: математика жана информатика сыяктуу эң көп айлык акы төлөнүүчү эки илимий тармакта эркектердин үлүшү көбүрөөк чыкты. Эркектер бул тармактардагы докторлук даражалардын болжол менен 75% түзгөн жана аялдар 99,000 доллар тапса, эркектер 113,000 доллар табат деп күтүлгөн. Коомдук илимдерде докторлук даражасы бар эркектер менен аялдардын ортосундагы айырма кыйла азыраак болгон, эркектердики ~66,000 доллар, аялдардыкы 62,000 доллар. Кээ бир тармактарда аялдар көбүрөөк тапкан: химия тармагындагы аялдар эркек кесиптештерине караганда болжол менен 5,000 долларга көп табышкан, жылына 85,000 доллар[9].

Morningstar компаниясынын улук жетекчилердин эмгек акысын талдоосу көрсөткөндөй, 2019-жылы жогорку кызматтагы аялдар эркек кесиптештеринин тапкан ар бир доллары үчүн 84,6 цент киреше алышкан[10].

Энелик жаза[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмгек акыдагы гендердик ажырымдын өсүшү балдарга байланыштуу[11]. Төрөттөн улам айлык акынын төмөндөшү энелик жаза деп аталат. Кыскача айтканда, энелеик жаза энелердин баласыз аялдарга караганда аз киреше алып, зыянга учураганын көрсөтөт[12]. 2014-жылы энелер баласыз аялдарга караганда 3% жана баласыз эркектерге караганда 15% аз айлык алышкан[12]. Андан тышкары, гендердик төлөмдөгү ажырым убакыт өткөн сайын төмөндөгөнүнө карабастан, энелик жаза туруктуу бойдон калууда.[13]

Үй иштери аял кишиге жүктөлгөндүктөн, алардын карьерага азыраак убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

Салттуу түрдө, балдарга кам көрүү үчүн жумуштан энелер кетишет. Энелердин ата-энелик өргүүсүнүн узактыгы эмгек акыда гендердик ажырымга таасирин тийгизет, ата-энелик өргүүнүн кыскарышы аялдардын жумуш ордун таштап кетишине алып келиши мүмкүн, ата-энелик өргүүлөрдүн узактыгы энелердин эмгек акысынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, орточо өргүү энелерге карьера менен энеликти тең салмактоого мүмкүндүк берет[14]. Балдарга кам көрүү тармагынын өнүгүүсү (бала-бакча ж.б.) энелик жазаны азайтат, энелердин жумушка катышуусун жогорулатат[14].

Аялдар аз айлык акы төлөнүүчү жумуштарга барышат, анткени аз төлөнүүчү жумуштардын иш убактысы, графиги көбүрөөк маяналуу жумуштарга салыштырмалуу ийкемдүү болушат. Аялдар эркектерге караганда азыраак убакыт иштегендиктен, алардын тажрыйбасы дагы азыраак болот[15], бул аялдардын жумуш күчүндө артта калышына алып келет. Энелер үй иштеринен улам, же жакындарына кам көрүү крек болгондуктан толук эмес жумуш күнү (парт-тайм) иштегенди тандашат.[14] 2019-жылы Германияда жүргүзүлгөн изилдөө эмгек рыногунда балалуу аялдар дискриминацияланарын, ал эми балдары бар эркектер болсо дискриминацияга туш болбогонун көрсөттү[16].

Гендердик айлык акылардын мындай ажырымынын дагы бир түшүндүрмөсү - үй жумуштарын бөлүштүрүү. Баланы багып жаткан жубайлар үй жумуштарынын чоң бөлүгүн, бала багуу боюнча негизги жоопкерчиликти эненин мойнуна жүктөшөт, натыйжада аялдардын эмгек акы табууга убактысы азыраак болот. Бул эмгек рыногунда эркектер менен аялдардын ортосундагы маянанын айырмасын күчөтөт[17]

Аял канчалык жаш болсо, ал иштебей калышы мүмкүн. Жумуш деңгээлиндеги эң чоң гендердик ажырым 25-34 жаштагы эркектер менен аялдар үчүн катталат. Ошол эле учурда, 25-29 жаш курагында Эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли 84%, ал эми аялдар 44%, ал эми 30-34 жаш курагында 90% жана 49% түзөт. Бул куракта аялдар көбүнчө баланын төрөлүшүнө байланыштуу жумуштан кетишет (никеге туруунун жана Тун баланын төрөлүшүнүн орточо курагы 23-24 жаш). Эркектер менен аялдардын ортосундагы айырмачылык 50 жашка чейин, балдар чоңоюп, аялдар жумушка кайтып келе баштаганда кыскарат[18].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The Simple Truth About The Gender Wage Gap (Report). 1310 L St. NW, Suite 1000 Washington, DC 20005. Spring 2018.
  2. Dr. Andrew Chamberlain, Daniel Zhao and Amanda Stansell Progress on the Gender Pay Gap: 2019 (2019). Текшерилген күн: 20.04.2023.
  3. Sara Ashley O'Brien, 78 cents on the dollar: The facts about the gender wage gap (2015) Текшерилген күн: 20.04.2023.
  4. 4.0 4.1 Leythienne, Denis; Ronkowski, Piotr (2018). A decomposition of the unadjusted gender pay gap using Structure of Earnings Survey data (Statistical Working Paper). Population and social conditions. European Union. doi:10.2785/796328. ISBN 978-92-79-86877-1.
  5. Blau, Francine D.; Kahn, Lawrence M. (2000). "Gender Differences in Pay". Journal of Economic Perspectives. 14 (4): 75–100. doi:10.1257/jep.14.4.75. S2CID 55685704.
  6. Folbre, Nancy; Gautham, Leila; Smith, Kristin (2022-04-25). "Gender Inequality, Bargaining, and Pay in Care Services in the United States". ILR Review. 76: 86–111. doi:10.1177/00197939221091157. ISSN 0019-7939. S2CID 253880358.
  7. Gender inequality at work. Jacobs, Jerry A., 1955-. Thousand Oaks, California: Sage Publications. 1995. ISBN 978-0803956964. OCLC 31013096.
  8. 8.0 8.1 Blau, Francine D.; Kahn, Lawrence M. (2007). "The Gender Pay Gap: Have Women Gone as Far as They Can?" Academy of Management Perspectives. 21 (1): 7–23. doi:10.5465/AMP.2007.24286161. S2CID 152531847.
  9. Woolston, Chris (2019-01-22). "Scientists' salary data highlight US$18,000 gender pay gap". Nature. 565 (7740): 527. doi:10.1038/d41586-019-00220-y. PMID 30670866.
  10. Thorbecke, Catherine (2021). "Gender pay gap persists even at executive level, new study finds" Текшерилген күн: 20.04.2023.
  11. Bütikofer, Aline; Jensen, Sissel; Salvanes, Kjell G. (2018). "The role of parenthood on the gender gap among top earners". European Economic Review. 109: 103–123. doi:10.1016/j.euroecorev.2018.05.008.
  12. 12.0 12.1 Maloney, Carolyn B. (2016). "Gender Pay Inequity: Consequences for Women, Families and the Economy" Joint Economic Committee. Текшерилген күн: 20.04.2023.
  13. Misra, Joya; Strader, Eiko (2013). "GENDER PAY EQUITY IN ADVANCED COUNTRIES: THE ROLE OF PARENTHOOD AND POLICIES". Journal of International Affairs. 67 (1): 27–41. ISSN 0022-197X.
  14. 14.0 14.1 14.2 Bishu, Sebawit G.; Alkadry, Mohamad G. (2017). "A Systematic Review of the Gender Pay Gap and Factors That Predict It". Administration & Society. 49 (1): 8. doi:10.1177/0095399716636928. ISSN 0095-3997. S2CID 147452746.
  15. Glenn Kessler, Here are the facts behind that ’79 cent’ pay gap factoid (2016)
  16. Hipp, Lena (2019). "Do Hiring Practices Penalize Women and Benefit Men for Having Children? Experimental Evidence from Germany". European Sociological Review. 36 (2): 250–264. doi:10.1093/esr/jcz056
  17. Goldin, Claudia; Mitchell, Joshua (February 2017). "The New Life Cycle of Women's Employment: Disappearing Humps, Sagging Middles, Expanding Tops" Journal of Economic Perspectives. 31 (1): 161–182. doi:10.1257/jep.31.1.161. ISSN 0895-3309.
  18. stat.kg Биз тууралуу цифралар жана фактылар: Кыргызстандагы аялдар жана эркектер. 09.03.2022 Текшерилген күн: 27.04.2023.