Эргешбаев Уран Жумабекович

Википедия дан
Эргешбаев Уран Жумабекович
Аты-жөнү: Эргешбаев Уран Жумабекович
Туулган жылы: 1965-жылы 4-декабрь
Туулган жери: Ош облусу
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Экономика
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Бизнес жана менеджмент факультети
Илимий даражасы  :Экономика илимдеринин доктору (2009)
Илимий наамы: профессор

Омур баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эргешбаев Уран Жумабекович - 1965-жылы 4-декабрь күнү Ош облусундагы Алай районунун Сопукоргон айылында төрөлгөн. 1988-жылы Россиядагы Новосибирск шаарындагы Электротехникалык институттун Экономикалык факультетинин “Байланышты уюштуруунун экономикасы” адистигин бүтүргөн. Ош областык байланыш башкармалыгында пландоо бөлүмүндө башкы экономист болуп иш жолун баштаган. Андан кийин Кыргыз ССРнин Илимдер Академиясынын Түштүк борборунун кичи кызматкери болуп эмгектенген. 1991-1993-жылдары – Москва шаарындагы социалдык-саясий изилдөө институтунун аспиранты . 1995-жылы “Миграционное поведение населения Кыргызстана» темадагы диссертациялык ишин коргогон. 2009-жылы - «Миграционные процессы в Кыргызстане» темадагы доктордук диссертациясын коргогон. 2016-жылдан бери ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин “Ишканалар экономикасы жана бизнести башкаруу” кафедрасынын башчысы болуп эмгектенүүдө. Эргешбаев Уран Жумабекович - каржы министрлигинин отличниги (2007-ж). 80ден ашуун илимий-усулдук эмгектери жарыкка чыккан. Айрым эмгектери англис тилинде АКШда, Австрияда, Туркияда жарыкка чыккан


Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уй-булосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]