Эркин Жаныбеков

Википедия дан
Жаныбеков Эркин
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жаныбеков Эркин
Туулган жылы: 1930-жылы 21-март
Туулган жери: Каптал Арык айылы, Калинин району, Ош, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын
Учурдагы кызматы: Белгисиз

Акын Эркин Жаныбеков Калинин районунун Каптал-Арык айылында 1930-жылы 21-мартта туулган.

1942-жылы мектептен 4-классты бүтүрүп, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ар түрдүү жумуштарда иштеген.

1953–1956-жж. Фрунзедеги В.И.Ленин атындагы заводдо тиш чарыктоочу жумушта үйрөнүүчү, андан кийин тиш чарыктоочу,

1956–1975-жж. контролдоочу болуп иштеп, 1975-жылдан заводдун Маданият үйүнө караштуу «Тоо жылдызы» ансамблин жетектеген.

Заводдо иштеп жүргөн учурунда Пржевальск шаарындагы Киров атындагы орто мектепти экстерн катарында бүтүрүп,

1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетине сырттан окууга өтүп,

1975-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Университетти аяктагандан кийин «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер,

1976–1988-жж. Кыргыз телерадиокомитетинде адабий кызматкер болуп иштеген. 1990-жылдан ардактуу эс алууга чыккан.

Эркин Жаныбековдун балдарга арналган табышмактары жана ырлары 1953-жылдан гезит-журналдарга жарыялана баштаган.

«Жаштык сапар» аттуу жамааттык жыйнакка анын «Турмуш сыры кенч экен» ыры кирген.

1961-жылы «Спутник» деген биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Спутник: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргыз окуу педмамбас, 1961. – 54 б.
  • Гүлзар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 56 б.
  • Табышмактар: Мектеп жашындагы кенже балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1976. – 20 б.

Колдонулган адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6