Эркин күрөш

Википедия дан

Эркин күрөш - спорттук күрөштүн түрү. Балбандар салмагы жана жашы боюнча 7-8 категорияга бөлүнөт. Мында балбандар ар түрдүү техникалык ыкмаларды колдонот.

Эркин күрөштө бутунда туруп, буттан кармоого, кагууга, чалууга, торой чалууга, булкууга, силкүүгө, эңкейтип, буралтып ыргытууга ж. б. ыкмаларды колдонууга жол берилет. Спортчу атаандашын жогорку ыкмаларды колдонуп, колдон, буттан, белден алып, далысын килемге тийгизсе же ашык упай топтосо жеңишке жетет. Эркин күрөш 1904-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына кирген. Эл аралык федерациясы 1921-ж. түзүлүп, ага 100дөн ашык өлкө мүчө болгон. Эркин күрөш АКШ, Болгария, Иран, Монголия, Түркия, Японияда жана КМШ өлкөлөрүндө жакшы өнүккөн. 1951-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. СССР 1952-жылдан дүйнөлүк чемпионаттарга катыша баштаган. Мис., атактуу балбан А. Медведь үч жолу Олимпиялык оюндардын чемпиону болгон. Эркин күрөш Кыргызстанда 1955-жылдан өнүгүп, ошол жылдан баштап биринчилик өткөрүлөт. 1962-ж. Эркин күрөш боюнча Кожомкул атындагы байге уюштурулуп, 1968-ж. союздук мааниде өткөрүлгөн. Республиканын атактуу балбандары: Европа чемпиондору - А. Шамиев (1980), К. Өмүралиев (1985), дүйнө чемпиондору - В. Соколов (1971), А. Мишуров (1973-75, АКШнын 1973), Э. Базаркулов (1995), Надырбек уулу Улан (2001) ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4