Эстөө
Jump to navigation
Jump to search

Эстеп аткан тигр
Эстөө — органдардын кычкылтек менен камсыз кылуусун жакшыртууга багытталган организмдин ыңгайлануусу.
Өзгөчө ал эрксиз дем алуу кыймылы менен мүнөздөлөт. Андагы терең, узак дем алууда ооз, көмөкөй, үн жылчыгы да абдан кенен ачылат жана дем тез чыгат. Эстөө желдетилбеген же тамеки чегилген бөлмөдө, чарчаганда, кыймылсыз болгондо, уйку келгенде, жүрөк-кан тамыр системасынын иши начарлаганда пайда болот. Көп убакытка созулган эстөө мээге кычкылтектин жетишсиздигинин жана башкалар оорулуу абалдын белгиси болуп, медициналык жардамды талап кылат.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8