Ээр токуу

Википедия дан

Атты минүүгө даярдоо.
Абалы ичмек салынат.
Ичи кийиз шөкөттөлгөн тердиктин үстүнө ат жабдуу түшүп, кош желдик бастырылат. Мурун куюшкан анан көмөлдүрүктөн кийин — басмайыл тартылып, жүгөн катылат. Белине ээрди кондурганда туурда турган куштай көрүнүп, ат соорусунан караганда эки кулагы шамдай даана көрүнүп, ээр аттын өркөчүн баспайт. Мында кучкач ээрдин кашы шаңшыган бүркүттүн томогосундай, сергек сезип, таранып отурган алгыр куш элестейт. Ак каңкы ээрдин куш башын жээктей атайын көркөмдүк үчүн чөгөргөн күмүш, мүйүз, сөөк көрчөлөр кара баркут көрпөчөдөн кашкайып, седептей агарып көрпөчөнүн кыюусуна жарашык берип турат.

Кыз-келиндердин ээр токумунда эркектердикине караганда күмүш шөкөттөрү өтө бай чабылгандыктан ат жарыктыктын төрт туягы гана көрүнөт. Толук септелген кызды аткарган ат күмүш да септелгенсип, чайпалып калат.

Ээрден башка ат жабдыктардын бөлүктөрүнүн кооздолгон түрүн «жалпооч» же «жалпоочтонгон ат жабдык» — деп айтат. Жетектеген атка ээр токулбайт. Ал эми ээрчен атты жетектеп жүрбөйт. Анткени салаңдап жүргөн үзөңгү термелген аттын бутуна тийип, майып кылуусу ыктымал. Демек, ээрчен атты жетектеп жүрүү зарылчылыгы туулуп калса, үзөңгү канжыгага байланат. Жалпоочтун составына ээрдин кирбегени да ушуга байланышат. Жалпоочтолгон ат — өтө шөкөттөлгөн, ат жабдуу жабылып, жетектелген ат. Албетте, мындай жасалгалуу ат менен бирөөлөрдү куттуктаган же тартуулаган. Ал шаан-шөкөттөрдө токула турган.

«Манас» эпосунда «Кандагайга чаптатып» — деп айтылат. Бул «атка согуштук ат жабдууну жабуу» деген түшүнүктү берет. Эгер бир буюмду булгаары, тери менен каптаса да «кандагайга чаптатып» дейт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)