Мазмунга өтүү

Сеп

Википедия дан

Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм-кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз, шалча, ала кийиз, килем, сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чачкан, кеп такыя, билерик, шакек, оймок, бой тумар, төөнөгүч, сыяктуу өздүк буюмдары, ат жабдыктары, жууркан-төшөктөрү, кийим-кечектери жана башкалар кирет. Атайын көтөрүлүп берилген ак өргөө кыз себинин ата башын түзгөн. Кыз тестиер чагынан тартып эне менен эженин, же айылдаш чеберлердин нускоолору аркасында узчулуктун учугун саптап, узданууга максаттанган. Ошентип, өзүнө таандык себин өзү баса отуруп, аруу колдон даярдап чыккан. Ал кыздын асем жасалгаларына, ат жабдыктарына усталар узанышкан. Ага атайын үй көтөрүп, көмүрүн өчүрүүгө, көөрүгүн басууга, күжүсүн күйгүзүүгө адам шайланган. Устанын узануу акысы күн мурунтан бычылган. Өрмөк согууда, килем токууда, шырдак шырууда, кийиз уютууда, чий чырмоодо, кийим-кечектерин бычып-тигүүдө биргелешип узануунун салттары болгон. Үй ээси аларды мыкты күтүнүп алган. Бул элдик өнөрдүн жагымдуу жагдайлары кийинкиге дейре Ош тарапта үймө-үй өнүгүп келген. Кыз бала он-он төрт жаштардан баштап эле ал өзү өрмөк согуунун, килем токуунун, сайма саюунун, курак куроонун, шырдак шыруунун, түймө түйүүнүн, чий чырмактоонун түйшүктөрүнө адистешкен. Мындай аракеттер менен сеп даяр болуп, узчулуктун мектебин көрсөткөн.

Маалыматтын булагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)