Юсуп Момбеков

Википедия дан

Момбеков Юсуп (1926, Ленин району, Хиля кышыштагы —1983, ошол эле жерде) — ал өндүрүштүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). 1957-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1942-жылы «Кызыл-Жылдыз» колхозунда иштөөдөн баштаган, кийин «Бүргөндү» колхозунда эсепчи, бухгалтер, Карл Маркс атындагы колхоздо башкарманын орун басары, 1961-жылдан өмүрүнүн акырына чейин М. И. Калинин атындагы колхоздун председатели болуп иштеген. Ал жетектеген чарбанын экономикасы чыңдалып, 1973-жылы мамлекетке ал чыгарылган продукцияларын тапшырууну ашыгы менен аткарган. Эки Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган. 1971—75-жылдары жана 1980—84-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.