Ютландия

Википедия дан
Ютландия.

Ютландия (дан. Jylland) - Европадагы жарым арал.

Балтика жана Түндүк деңиздери чулгайт. Дания (көп бөлүгү) менен Германиянын аймагында. Уз. 300 кмдей, аянты 40 миң км2дей. Чыгыш жээги булуң-буйткалуу, батышы түз. Ийне жана жазы жалбырактуу токой, вереск өсүмдүктөрү ээлейт; аймагынын көп бөлүгү айдалат. Ю-да Орхус (Дания), Фленсбург ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4