Яндекс

Wikipedia дан
Yandex N. V.
Түрү

Коомдук компания

Негизделген жылы

23 Сентябрь 1997 жыл

Негиздөөчүлөрү

Аркадий Волож, Илья Сегалович

Жайгашкан жери

Flag of Russia.svg Орусия, Москва

Маанилүү фигуралар

Аркадий Волож (CEO), Александр Шульгин

Өндүрүшү

Интернет

Киреше айлануусу

50,9 млрд. руб. (2014 жыл, GAAP)

Операциондук киреше

15,3 млрд. руб. (2014 жыл, GAAP)

Таза киреше

17 млрд.руб. (2014 жыл, GAAP)

Жумушчуларынын саны

4,5 миң (2012)

Бөлүмдөрү

Маалымат издөөчү система, Интернет-портал

Урааны

«Баары табылат»

Сайт

yandex.ru/company

«Яндекс» – дүйнө жүзүндөгү эң чоң маалымат издөөчү сайттардын жетинчиси деп саналат. 6 тилде маалымат берет орусча, англисче, белорусча, татарча, украинче, казакча. Башкы кеңсеси Москва шаарында орун алган. Мындан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Одесса, Симферополь жана Киев шаарларында атайын кеңселери бар. 2008-жылы АКШ­нын Калифорния штатына «Yandex Labs» деген аталышта филиал ачышкан.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сайтты ачуу идеясы башкы директор Аркадий Воложго таандык. Идея 1993-жылы жаралган. Бирок материалдык жактан аксап, ишке ашыра албай келген.1997-жылы каражат табылып долбоорун кылдаттык менен иштеп чыгып, расмий түрдө ачык деп жарыялаган. Сайттын негизги өзгөчөлүгү – андагы маалыматтар изилденип, тастыкталып, анан киргизилгени. «Яндекс» деген аталышка ар кандай түшүндүрмө берсе болот. Мисалы, «Yet another indexer» («Дагы бир индексатор») же «Языковой iNDEX» («Тил индекси»).

Статистикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

2009-жылдын жыйынтыгы боюнча, компания 278 миллион доллар таза киреше ала алган. Бир жылдан бери сайт 30 түрдүү тейлөө кызматын сунуштап келет. Алардын эң популярдуусу делип, «Сүрөттөр», «Почта», «Аба ырайы», «Жаңылыктар» бөлүмдөрү саналат.Учурда «Яндекс» компаниясынын 4,5 миңден ашуун кызматкери «Баары табылат!» («Найдётся всё!») деген ураан менен эмгектенишет

Негиздөөчүсү тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Аркадий Юрьевич Волож 1964-жылы 11-февралда, Казакстандын Атырау шаарында туулган. Кесиби боюнча математика мугалими.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]