Үкөк, буюм

Википедия дан

Үкөк – үй тиричилигинде колдонулуучу буюм же тамак-аш сактала турган жыгач сандыкча. Ал жакшылап кургатылган кайың, терек, карагай, арча, жаңгак, өрүк жыгачтарынан жасалат. Үкөктүн узуну болжол менен 80–100 см, туурасы 40–50 см, бийиктиги 40–50 см. Үкөктүн маңдай бетине оймолорду жана түрдүү кооздук чийимдерин түшүрүшкөн. Жапма капкак жасалып, бетинин орто ченинен кулпу салынган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]