Үмөт уулу Жайсаң

Википедия дан

Үмөт уулу Жайсаң

Айрым божомолдорго караганда, алгачкы манасчы. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын:

“Салтанатын көргөндө,
Жайсаң ырчы дегени,
Жалаң үйдүн порумун,
Жарым күнү ырдаган” – деп, ырчынын аты аталат.

«Манас» эпосун алгач ирет айтып чыккан ырчы болушу мүмкүн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт” деп, белгилүү эпос изилдөөчү Муктар Ауэзов айтат. Ал эми академик Б.Юнусалиев: «Сагымбайдын вариантында эске алынган Жайсаң ырчы дегенди, Манастын чоролорунун бири Ырамандын Ырчы уулу деп аталышын эске албай коюуга болбойт» деп, белгилейт. Элдик оозеки тарыхта (санжырада) кыргыздардын байыркы мезгилдеги кол башчысы Кыргызхан Таласка жеңиш менен келишинде чоң той берип, тойдо Жайсаң ырчы бытырап кеткен көп уруунун башын кошуп, эл кылгандыгы үчүн Кыргызханды мактап ырдаган. Жайсаң ырчынын эл оозунда:

“Кыз келиниң кадырлап,
Үкү менен сыйладың,
Чачылып кеткен Узундун,
Чар тарабын жыйнадың” – деген ыры сакталып калган.

Ал эми «кыргыздардын байыркы ата-бабалары болуп эсептелген усундар (үйшөңдөр), б.з.ч. 2-кылымдан 6-кылымга чейин, Жети-Суудагы эң ири уруу союздарынан болуп келген» деп, тарыхчы Н.А.Аристов жазган.

1995-жылдын 3-июлунан тартып, Манастын кырк чоросунун бири болгон Жайсаң ырчынын рухуна кабылып, андан сан түрүндө «Манас» дастанынан маалымат алып, аны чечмелеп кагазга түшүрүп келе жаткан Мариям Муса кызынын айтуусу боюнча: «Үмөт уулу Жайсаң 682-жылы туулган. Ал Айкөл Манастан 12 жаш кичүү болгон. Энеси Карач хандын кызы Жаңылча. Жайсаң атасы Үмөт экөө тең Манастын чоролорунун катарында болушкан. Чоң Казатка чогуу барышып, Жайсаң жарадар болуп эсин жоготуп, кандайдыр бир сыйкырдуу добуштан көзүн ачкан соң, «Манас» дастанын айта баштайт. Элге улуу ырчы катары таанылып, бардыгын эсине түйүп алган соң, Токчоронун уулу Токтогул (Ырамандын Ырчы уулу) уу берип, 54 жаш курагында дүйнө салган. Сөөгү Кызарттын белине коюлган”. Аты аталган материалда Жайсаңдын таланты жөнүндө мындай деген мүнөздөмө берилет: «Үйшөңдөр Үмөтүнүн уулу Жайсаң, Үлгү ырдын чебери эле топту жарган. Ширин тил, шыңга мүчө, бой-келбеттүү, шадылуу манжалары комузга эптүү. Назик үн көмөкөйдөн мукам чыккан, Негедир жашытчу эле адамды уккан… Ошончо ырчылардын арасынан, Обону уккандарды тамшандырган; Он үчкө жашы жаңы толгон менен, Орчундун арасында жок эле тең». Ошол Мариям Муса кызынын маалыматы боюнча Үмөт уулу Жайсаң ырчынын учурунда жана көзү өткөндөн кийин да кыргыздын ар уруусунан мезгил-мезгили менен «Манас» дастанын айтып келген Жайсаң аттуу 9 ырчы чыккан экен, алар:

  1. Үмөт уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),
  2. Сартпай уулу Жайсаң (аргын уруусунан),
  3. Солобо уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),
  4. Касымбай уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),
  5. Калысбек уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),
  6. Жамгырчы уулу Жайсаң (Кошой баатырдын тукумунан),
  7. Асылбала уулу Жайсаң (нойгут уруусунан),
  8. Молдобасан уулу Жайсаң,
  9. Жаңыбай уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан).