Үсөнбаев, Качкынбай

Википедия дан
Үсөнбаев Качкынбай

Үсөнбаев Качкынбай (1935, Жети-Өгүз району, Чырак айылы — 1991, ошол эле жер) — физик-химик, химия илимдеринин доктору (1991).
1956-ж. КМУнин физика-математика факультетин бүткөн.
1957—60-ж. Москва күйүүчү кен байлыктар институтунун аспиранты, 1962— 85-ж. Бишкек политехника институтунда доцент, кафедра башчысы жана декан, 1985—91-ж. Кыргыз илимдер академиясында жана 1990—91-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик табият коргоо комитетинин алдындагы институтта лаборатория башчысы болуп иштеген.
Үсөнбаев физикалык жана химиялык ыкмаларды кеңири колдонуп, көмүртек элементи менен байланышкан катуу кен заттарды изилдөөгө чоң салым киргизген. Көмүртектин алмаз жана графит деп аталган модификацияларынан башка анын модификациясы — карбин бар экендигин аныктаган тарыхый экспериментке катышкан.
Үсөнбаев 50дөн ашык илимий эмгектин автору (анын ичинде 4 монография, 3 окуу китеби).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.