Үсөнов, Талант

Википедия дан

Үсөнов (Ыпыев) Талант [1955-ж. т., Жети-Өгүз району, Балтабай (Алкым) айылы] — спортсмен-марафончу, СССР спортунун мастери (1981, марафондук чуркоо боюнча, дистанция 42 км 195 м).
1977-ж. Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунун табигый-география факультетин бүтүргөн.
1977—78-ж. Комсомолдун Жети-Өгүз райондук комитетинин инструктору, 1978—91-ж. Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунун дене тарбия кафедрасынын улук лаборанты, администрациялык-чарба боюнча проректор, 1992-жылдан Ысык-Көл облустук айыл чарба башкармасында иштеген.
Марафондук чуркоо боюнча республикалык, союздук, эл аралык мелдештердин катышуучусу (1980—86-ж. , Румыния, Венгрия, Монголия, Индия, Шри-Ланка, Польша).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.