Мазмунга өтүү

Өзбек Совет Энциклопедиясы

Википедия долбоорунан
Өзбекстан Совет Энциклопедиясы
Нукура аталышы өзб. Ўзбек совет энциклопедияси
Өлкөсү ӨзбекССР
Тили өзбек
Темасы Энциклопедия
Жанры илимий-маалымдама
Медианын түрү китеп
Кийинкиси Өзбекстан улуттук энциклопедиясы

Өзбек Совет Энциклопедиясы (өзб. Ўзбек совет энциклопедияси) — 14 томдон турган өзбек тилиндеги эң чоң жана толук энциклопедия. Бул өзбек тилиндеги биринчи жалпы билим энциклопедиясы[1].

Өзбек Совет Энциклопедиясы 1971-1980-жылдар аралыгында Өзбек совет энциклопедиясынын башкы редакциясы тарабынан Ташкент басмасынан жарык көргөн[2]. 1-9 томдун башкы редактору болуп философия илимдеринин доктору, Өзбек ССР Илимдер академиясынын академиги Ибрагим Муминович Муминов, андан кийинки 10-14 томдордун башкы редактору академик Камилджан Ахмеджанович Зуфаров болгон.[3] Өзбек Совет Энциклопедиясы орус тилинде жок болчу [4]. Ошондой эле негизги томдордун материалдары боюнча 1981-жылы орус тилинде "Өзбекстан ССР" деген аталышта бир томдук басылма чыгарылган, андан жети жыл өткөндөн кийин, 1988-жылы өзбек тилинде да жарык көргөн.

Өзбек Совет Энциклопедиясы — социалдык-экономикалык изилдөөлөр жана прикладдык илимдер тармагындагы билимдердин комплекстүү булагы. Энциклопедиянын башкы мааниси — анын жалпысынан КСРБ жана өзгөчө Өзбек ССРи жөнүндөгү ар тараптуу маалыматтар. Советтик Өзбекстандын турмушунун бардык жактары, анын ичинде тарых, экономика, илим, искусство жана маданият системалуу турде чагылдырылган. Өзбекстандын чегинен тышкары жерде анчалык белгилүү болбогон көрүнүктүү өзбек маданият жана илим ишмерлеринин толук өмүр баяны бар.

Өзбек Совет Энциклопедиясында суфизм боюнча кеңири эмгектер камтылган жана Ахмед Яссави сыяктуу өзбек суфий философтору жөнүндө жалпысынан позитивдүү чагылдырылган [4]. Энциклопедияда Абдулрауф Фитрат, Чолпон сыяктуу антисоветтик жазуучулар буржуазиялык улутчулдар катары сындалат, бирок бул ишмерлер гласноста учурунда реабилитацияланган[2].

  1. Өзбек Совет Энциклопедиясы
  2. 2.0 2.1 Kara, Harim (January 2002). "Reclaiming National Literary Heritage: the Rehabilitation of Abdurauf Fitrat and Abdulhamid Sulaymon Cholpan in Uzbekistan". Europe-Asia Studies 54 (1): 123-142. doi:10.1080/09668130120098278. 
  3. Өзбек Совет Энциклопедиясы (орусча)
  4. 4.0 4.1 Ramet, Sabrina (1989). Religion and Nationalism in Soviet and East European Politics. Duke University Press. p. 215.