Өзгөчө физикалык касиеттүү куймалар

Википедия дан

Өзгөчө физикалык касиеттүү куймаларфиз., физика-химиялык жана мех. касиеттери өзгөчө айкалышкан. өзгөчө магниттүү, электр жылуулук жанa серпилгич касиеттерге ээ металл куймалары.

  • Металлдардын хим. сос­тавы абдан такталып, зыяндуу кошунду жок жанa тийиштүү структурада гана болгондо куйманын өзгөчө касиеттери камсыз кылынат. Бул куймалардын көпчүлүгүнүн түп не­гизи катары Fe, Mi, Со, Си, Nb ж. 6i металлдар алынат.
  • Өзгөчө физикалык касиеттүү куймаларда температура, магнит, электр талаалары жана мех. күчтөн өзгөргөндө да физ. параметрлерин эң аз өзгөрткөн куймалар (инвар, эливар, манганин, Кон­стантин, перминвар) өзгөчө орунду ээлейт. Сырткы шарттар өзгөргөндө физикалык параметрлерин өтө езгерткен куймалар да (пермаллой, алюмель. хромель, копель, магнит-стрикциялык материалдар, термобиметаллдар) маанилүү болот. Булардан башка да бул куймаларга өтө өткөрүмдүү, каала- гандай физ. параметрлүү (ковар. платинит, фернино) ж-a агрессивдуу чейреде өз касиеттерин жакшы сактаган куймалар кирет.
  • Бул куйма­лар өзгөчө сезгич приборлор менен установкаларды, ар түрдүү билдиргичтерди жанa өзгөчөлүктөрдү жасоодо, телекөрсөткүчтө, радио кабылдагычтарда, сааттарда колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.