Өзү Жазма Өлчөгүч Прибор

Википедия дан

Өзү Жазма Өлчөгүч Приборфиз. чоңдуктардын өзгөрүшүн диаг­рамма түрүндө чийин көрсөткүч түзүлүш менен жабдылган өлчөгүч при­бор.

Мындай приборлор бир же бир нече чоңдуктун (чыцалуу, ток, каршылык, күч, температуpa, нымдуулук ж. б.) убакытка (кээде башка физ. чоңдукка) көз каранды графигин чийүүдө колдонулат. Өзү жазгычтын үч фазалуу тармакта үч чыңалууну же токту үзгүлтүксүз сызык түрүндө наттоочу өзү жазма прибор: Магнит-электр өзгөрткүчтөр (вольтметр, амперметр); Өзү жазма (чийүүчү) элементтери; Прибор — жазылгандарды ташыгыч (диаграмма кагазы); Прибор — жазылгандарды ташыгычтын жүргүзгүчү.

Жөнөкөйү — кыймылдуу бөлүгүнө чийүүчү элемент (уч, карандаш, сыясы бар түтүкчө) бекитилген прибор. Чийүүчү элемент жылып туруучу атайын кагаз лентага ченелүүчү чоң­дуктун графигин чиет. Өзү Жазма Өлчөгүч Прибор үзгүлтүктүү (чекиттер, штрих же башка белги) жанa үзгүлтүксүз сызыктүрүндө жазгыч болуп айырмаланат. Бир нече чоңдуктун графигин бир убакта чийиш үчүн алардын санына жараша чийүүчү элемент менен жабдылат. Өзү Жазма Өлчөгүч Прибор өлчөнүүчү чоңдук­тун убакыт боюнча өзгөрүшүн үзгүлтүксүз байкоо керек болгон учурда кол­донулат.

Илимий изилдөөдө жанa практикада андай прибор коп пайдаланылат. Бул прибордун кеңири белгилүүлөрү—өзү жазма вольтметр, ватт­метр, автоматтык потенциометр, жарык нурлуу осциллограф, термограф ж. б. Алардын туруктуу орнотулма жанa алып жүрмө түрлөрү чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.