Мазмунга өтүү

Өксүктүк комплекси

Википедия дан

Өксүктүк комплекси - жеке инсандык психология жаатында Алфред Адлер тарабынан 1907-жылы киргизилген илимий түшүнүк. Жалпы өксүктүк комплекси – бул «чыныгы же ойдон чыгарылган денелик же психологиялык жетишсиздиктен келип чыккан, кыймылсыздыкты токтотуудан тартып, жүрүм-турумдун ашынган түрүнө алып келиши ыктымал болгон өксүктүктүн жана кооптуулуктун негизги сезими». Бул сезим кээде кишини өзүн башкалардан жогорураак сезген акыбалга да кириптер кылышы мүмкүн.

Алфред Адлердин ою боюнча, өксүктүк сезими бала кездеги тарбиядан (мисалы, бир тууганга дайыма жагымсыз салыштыруу), денелик жана психикалык жактан чектөөлөрдөн, же социалдык макамы төмөн болгон тажрыйбадан (мисалы, теңтуштары тарабынан терс мамилеге кабылганда) пайда болушу мүмкүн. [1]

Өксүктүк комплекси түшүнүгү психологиянын психоаналитикалык тармагына классикалык адлердик псизологиянын негиздөөчүсү Альфред Адлер тарабынан киргизилген. Пьер Жане өксүктүк сезими ( sentiment d'incomplétude) деп атаган нерсеге бул түшүнүк дээрлик маанилеш келет. Идея Зигмунд Фрейддин көптөгөн эмгектеринде кездешет, бирок теориянын кийинки жетишкендиктеринен улам кеңири колдонулбай жүрөт. [2] Аны Фрейддин бир кездеги кесиптеши Карл Юнг [3] да кээде колдонгон (ал биринчи жолу комплекс деген терминди белгилүү бир калыпка туура келген тектеш идеялардын тобунун белгиси катары жалпысынан колдонгон).

Заманбап адабиятта артыкчылыктуу терминологиялык вариант катары "өзүн-өзү сыйлоонун жоктугу" термини сунушталып келет.

Тийгизчү таасирлер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өксүктүк комплекси толук күчүндө болгондо, ал кишинин ишмердигинин натыйжалуулугуна, ошондой эле кишинин өзүн-өзү сыйлоо сапатына таасир этиши мүмкүн. Сокур ишенимдик жана башка ичти бүдөмүк уйгу-туйгу кылган психологиялык жана эмоционалдык жүрүмдөр кишинин жаңы маалыматты кабыл алуу жана түшүнүү жөндөмдүүлүгүнө тоскоол кылышы ажеп эмес, андан тышкары киши өзүнүн туюк сезимин кабыл алууга же аңдоого кудуретсиздик кылса, анда ашыкча сактык кылууга өтүшү мүмкүн. <br>

Өзүн өксүк саноо сезими күчөгөн кишилер көп учурда жалтактыкка ыңгайлашат. Мындай абал кишинин жалгыздык жана бактысыздык сезимин күчөтөт.

Өксүктүк комплекстери невротизм менен тыгыз байланышта болот. Андан тышкары, өксүктүк комплекстери абийирдүүлүк, мунасага келүү жана жаракөрлүк үчүн умтулууга карата терс турумду жаратат. Ошол эле учурда өксүктүк сезими макиавеллизм жана нарциссизм турумдарына жагымдуу шарт жаратат.

Ойчул Демосфен. Лувр музейиндеги айкел

Денедеги кемчиликтер көп учурда ургаалдуу машыгуу менен толукталат. Маселен, бала кезинен кекечтенген Демосфен машыга берип, кийин залкар чечендердин бирине айланган.

Эгерде киши өзүнүн психологиялык өксүк сезимин жеңе албаса, анда ал эрезеге жеткенде неврозго алып келет. Кээде өксүк комплекси кишиде өзүн башкалардан артык сезүү комплексине чейин өсүп чыгып, андай киши калайыкка өзүнө өзү корстон боолуу, мактанчаактык, текебердик мамилелери жана ал түгүл диктатордук жүрүм-туруму менен көрүнөт.

  • Адлер А.Наука жить. Киев: Port-Royal,1997. С.57–62.
  • The Science of Living, by Adler, Alfred. Routledge, 2013, pp. 096–97.
  • A Primer of Adlerian Psychology: The Analytic-behavioral-cognitive Psychology of Alfred Adler, by Mosak, Harold H.; Maniacci, Michael P. Psychology Press, 1999, p. 82.


Ички шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. RileyHoffman Alfred Adler - Individual Psychology. Simply Psychology (17 -май (бугу) 2020).
  2. Freud, Sigmund (1933). New Introductory Lectures on Psychoanalysis. Norton & Co. pp. 97, 176. 
  3. Jung, C.G.; von Franz, Marie-Luise (1978). Man and his Symbols. Pan Books. pp. 51–52.