Өкүл ата: 3-бөлүк

Википедия дан

"Өкүл ата 3- бөлүк" (англ. The Godfather Part III, орус. Крёстный отец 3) — 1990-жылы экрандаштырылган Американын криминалдык тасмасы. Сценарийин жазгандар Марио Пузо менен Франсис Форд Коппола. Коппола тасмага режиссерлук да кылган. Тасма "Өкүл ата" (1972) жана "Өкүл ата. II бөлүмдүн" (1974) уландысы. Фильмде өзүнүн мафия империясын мыйзамдаштырууга аракет кылган кылмыш төбөлү Майкл Карлеоненин окуясы аягына чыгат. Кинодо чыныгы болгон окуянын ойдон чыгарылган версиялары орун алат. Алардын бири 1978-жылы Поп Жон Пол I менен 1981–82-жылдардагы Поптордун банк иштери боюнча жаңжалы. Бул эки окуя тең Майкл Корлеонеге тиешеси болгон. Тасмада ролдорду аткаргандар Аль Пачино, Дайэн Китон, Талия Шайр, Энди Гарсиа, Эли Уоллах, Жо Мантенья, Жорж Хэмилтон, Брижет Фонда жана София Коппола.

Коппола мене Пузо "Майкл Карлеоненин өлүмү" деген аталышты тандашканы менен Paramount Pictures аны кабыл алган эмес. Мындан улам Коппола "Өкүл ата" сериясы эки бөлүмдөн турат жана акыркы бөлүмү эпилог болот деп билдирген. "Өкүл ата 3- бөлүкгө" карата айтылган пикирлер алгачкы эки бөлүмгө айтылган оң бааларга салыштырмалуу бир беткей болгон эмес. Тасма 136,766,062 миллион долллар каражат топтой алган жана Оскар кино сыйлыгынын жети номинациясына, анын ичинде "Эң мыкты тасма" наамына да көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]