Өлчөм чектери

Википедия дан

Өлчөм чектери, допуск (маши­на курууда) — параметрдин чыныгы сандуу ыаанисинин анын номинал (эсептелген) маанисинен четтешине жол берилген интервал (сан мүнөздөмөсү).

Машина менен механизмдердин геом. (сызыктуу жанa бурч өлчөмдөрүнө, формасына ж. б.), ошондой эле механикалык физика физика-химиялык ж. б. параметрлерге (электр каршылыгына, катуулукка, хим. элементтердин проценттик составына ж. б.) Өлчөм чектери белгиленет.

Ал буюмдун стандарттарында, тех. талаптарында же чиймелеринде көрсөтүлөт. Анда буюмдун эки чек (эң чоң ж-a кичине) өлчөмү, чыныгы өлчөмү көрсөтүлөт. Кээде чек өлчөмдүн ордуна тех. документацияда номинал өлчөмү жанa эки чек (эң жог. жанa эң төмөнкү) өлчөмдөрү берилет. Ошол эң жог. (чоң) жанa эр төмөнкү (кичине) өлчөмдөрдүн Өлчөм чектери деп алынат. Практикада идеал тетиктерди алууга мүмкүн болбогондуктан Өлчөм чектери белгиленет, анда даярдоодогу Өлчөм чектеринен башка да пайдалануу учурундагы Өлчөм чектери көрсөтүлөт.

Машиналардын тетиги бири бирине кыймылдуу же кыймылсыз болуп кураштырылат. Ошол кураштыруунун мүнөзү, ал тетиктердин бири бирине карата жылып турушу, ал жылып турууга көрсөтүлгөн каршылык тетиктерди бириктирүүдөгү батым (посадка) менен мүнөздөлөт. Машина жана механизмдердин тетиктерин орнотуудагы батымдар 3 түрдө — кый­мылдуу (эркин), пресстелген жанa өтмө болот. Өлчөм чектери менен батымдар стан­дарт менен белгиленет да, атайын таб­лица түрүндө берилет. Ал стандарттарда батымдардын бир нече тактык класстары көрсөтүлөт. Өлчөм чектери менен ба­тымдар буюмдун чиймелеринде, тех. документацияларында, ГОСТто там­га жанa цифра менен белгиленет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.