Өмүралиев, Төлөбек Эсенгулович

Википедия дан

Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович (4. 4. 1947-жылы туулган, Нарын ооданы, Куланак айылы) — мамлекеттик ишмер.
Юридика илимдеринин кандидаты. 1970-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүткөн.
1970—73 жылдары Нарын ооданынын "Куланак" жана "Коммунизм" колхоздору«да зоотехник-селекционер, башкы зоотехник, оодандык айыл чарба башкармасында улук зоотехник.
1973—77 жылдары комсомолдун Тянь-Шань оодан комитетинин 1-катчысы; 1977—78 жылдары Тянь-Шань райаткомунун жооптуу катчысы; 1978—82 жылдары Кыргызстан КП Нарын дубан комитетинин инструктору, айыл чарба бөлүм башчысы; 1982—86 жылдары Тогуз-Торо оодан аткаруу комитетинин төрагасы; 1986—89 жылдары КБКП БКга караштуу Коомдук ИАнын аспиранты, 1989—90 жылдары партиянын Ысык-Көл дубан комитетинин инспектору; 1990—92 жылдары Тянь-Шань оодан аткаруу комитетинин төрагасынын 1-орун басары, төрагасы; 1992—94 жылдары Тянь-Шань оодандык мамлекеттик акимдик башчысы.
1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин Акимдигинде бөлүм башчы жана ошол эле учурда 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, республиканын өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын төрагасы. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын дубаны: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.