Өмүралиев, Чоюнбек

Википедия дан

Чоюнбек Өмүралиев (Тянь-Шань ооданындагы Куланак айылында 1952-жылы үчтүн айынын 10 (январь) туулган) - жазуучу.
1973-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Нарын телерадиокомитетинде редактор, Нарын дубандык радиоберүүсүндө кабарчы,
1983-1985-жж. Нарын дубандык музыкалуу драма театрынын мүдүрүнүн орунбасары,
1985-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде,
1991-1995-жж. «Асаба» гезитинде кабарчы болуп иштеген.
Ч.Өмүралиевдин «Эне» аттуу алгачкы китеби 1979-жылы жарык көргөн. Ал көптөгөн түрк элдеринин салттуу маданиятына арналган макалалардын автору. Көчмөн элдердин философиясына арналган «Теңирчилик» аттуу эки томдук чыгарма жараткан. “Огуз намэ”(жеткиликсиз шилтеме) эпосу, Абулгазы бахадур хандын “Түрк санжырасы, Шаакеримдин “Түрк, кыргыз, казак жана хандар тарыхы”, Осмонаалынын “Кыргыз, Шабдан тарыхы”, Салават Юлаевдин ырлары ж.б. тилдеринен кыргыз тилине түз которулган.
«Манас–1000» медалынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын ээси. Эл аралык Чыңгыз Айтматов коомдук академиясынын академиги.
1987-жылдан Жазуучулар жана 1980-жылдан Журналистер союздарынын мүчөсү.
1991-жылы республиканын жашоосундагы социалдык көйгөйлөр боюнча макалалардын сериясы үчүн, мыкты журналисттик иши үчүн чыгармачыл сынактын жыйынтыктары боюнча, КМШнын журналисттик конфедерациясынын сыйлыгы тапшырылган.

Китептер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Эне: Прозадагы ырлар, аңгемелер - Ф.:Мектеп,1979. - 44 б.

Чабарман: Аңгемелер- Ф.: Кыргызстан, 1988. - 107 б.

Тенирчилик: Философиялык эссе - Б.: Крон, 1994. - 288 б.

Теңирчилик: Философиялык эссе - Б.: Сорос Фонду, 1995. - 20 б.

Бурут тамга-төрөн тил: Сөздүк эссе – Б.: Бийиктик, 2008. – 250 б.