Өндүрүш анархиясы

Википедия дан

Өндүрүш анархиясы - жеке менчик товар өндүрүшүнүн тартипсиз жанa чаржайыт өнүгүшү, эл чарбасынын плансыз жанa баш аламан кыймыл-аракети.

Өндүрүш каражат­тары жеке менчикте турган мезгилде чарбалар коомдук муктаждыктарды эске албай, базардагы олуттуу оош кыйыштардын таасири менен иш жүргүзүп, курч экон. эрегишке түшөт. Жөнөкөй товар өндүрүшүндөгү Өндүрүш анархиясынан жанa конкуренциядан улам то­вар өндүрүүчүлөр түрдүү катмарларга жиктелет, б. а. бири байып, экинчиси жакырданат. Бурж. коомдо өндүрүш коомдук (орток) мүнөздө, ал эми өндүрүш каражаттары жеке мен­чикте болот да, экөөнүн арасында карама-каршылык күчөйт.

Натыйжа­да чарбанын бардык чөйрөсүндө өндүрүмсүз чыгым арбыйт да, өндүргүч күчтөр ойдогудай пайдаланылбай калат, жумушсуздардын саны көбөйөт, капиталисттер артык баш продукцияны жок кылууга жан талашат. Өндүрүш анархиясы өзгөчө экономикалык кризис маалында ырбайт, анткени мындай шартта эмгекчилердин керектөө мүмкүнчүлүгү начарлап, өндүрүштүн көлөмү кыскарат. Империализм мезгилинде бурж. мамлекет экономиканы түрдүү оош-кыйыш менен анархиядан куткарууга жанa жөнгө салууга аракеттенет.

Жалпы эл чарбасында коомдук өндүрүштүн чаржайыт, монополиялык капитализмдин кылкасыз өнүгүшүнөн улам монополиялар ичинде монополиялык жог. пайда үчүн айыгышкан күрөш жүрөт. Бул күрөш капитализм жоюлуп, эмгекчилер бийлиги орноп, өндүрүш кара­жаттары коомдук менчикке өтмөйүнчө токтобойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.