Өндүрүш мамилелери

Википедия дан

Өндүрүш мамилелери - коом­дук өндүрүш жанa коомдук продуктунун өндүрүштөн керектөө чөйрөсүнө жетүү процессинде адамдардын өз ара материалдык экон. карым-катнаш жыйындысы.

Өндүрүш мамилелери— коомдук өндүрүштүн эң зарыл жагы. Жеке адам материалдата эч нерсе өндүрө албайт. Байлык өндүрүү, бөлүштүрүү жанa керектөө үчүн адамдар белгилүү бир байланыш түзүп, мамилелеш болуу аркылуу гана табият менен катнашат да, коомдук өндүрүштү жүзөгө ашырат. Өндүрүш мамилелеринин негизин адамдар­дын өндүрүш каражаттарына карата мамилелери, б. а. өндүрүш каражат­тарынын менчиктелишине жараша карым-катышы түзөт. Эмгек процес­синде өндүрүштү уюштуруу жанa тех­нология муктаждыгынан улам өндүрүштүк-тех. мамилелер түзүлөт.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.