Өсүмдүктүн жыгылып калышы

Википедия дан

Өсүмдүктүн жыгылып калышы - өсүмдүктүн тамырынан же сабагынан ийилиши.

Эгин калың чыкканда нымдуулук ашып, аны отоо чөп басса, мите козу карын илдетине чалдыкса, азот менен кеп азыктандырылса, сабагы бийик өсүп оордоп жыгылып калат. Эгин көбүнчө баш алганда, дүмбүл кезинде ийилет. Үрөн жерге тайыз себилсе, ным кеп болсо, өсүмдүк тамыры топуракка начар бекигендиктен тамырынан жыгылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.