Өсөр (кыштак)
Jump to navigation
Jump to search
Өсөр (кыштак) - Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу. Кыр-Кол суусунун боюнда, деңиз денгээлинен 1240 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 8 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 30 км. Калкы 1947 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, фермерлик кылат. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Соода жайлары иштейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7