Найман (Ноокат району)
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Найман
|
Найман, Ноокат району - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак (1962-жылдан 2012-жылга чейин шаарча статусунда болгон). Найман айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 30 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 30 км. 1965-жылы негизделген. Өнөр жай ишканаларынан «Найман» галош заводу, «Толкун» АК жана «Улуу-Тоо» ЖЧК иштейт. Эки орто мектеп, китепканалар, 3 бала бакча, 2 медпункт, амбулатория, даарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, базарчалар иштейт.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 1 754 киши[1]; негизинен кыргыздар (81,8%), о. эле орус, өзбек жана башка улут өкүлдөрү да жашайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.