Өткөргүч ткандар

Википедия дан

Өткөргүч ткандар, өсүмдүктө — топурактан тамыр аркылуу алынган сууну, минерал кошулмаларды, фотосинтездин натыйжасында пайда болгон органикалык заттарды жана зат алмашуунун башка продуктуларын өсүмдүк денесинде бир жерден экинчи жерге өткөрүүчү ткандар.

Анын клеткалары узун. Өткөргүч ткандар флоэмадан жана ксиломадан туруп, денеде паренхима жана мех. ткандары менен бирдикто калың катмарларды түзөт же айрым боочолор түрүндө учурайт.

Өткөргүч ткандар прокамбий менен камбийден өсүп чыгат. Флоэма боюнча көбүнчө орг., ксилема боюнча негизинен суу жана ми­нерал заттар өтөт.

Жазында, өсүмдүк жалбырактанганча өткөн жылы топтолгон запас заттар ксилема боюнча дененин жогорку бөлүктөрүнө жылышы мүмкүн. Флоэманын негизги өткөргүч элементтери элек сымал түтүкчөлөр, ксилеманыкы болсо трахеидалар менен трахеялар (түтүкчөлөр). Бул ткандар мамык чөп жана жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдөн башка бардык өсүмдүктөрдө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.