Өтө жогорку жыштыктар техникасы

Википедия дан

Өтө жогорку жыштыктар техникасы, ӨЖЖ техникасы — илим менен техниканын 300 Мгцтен 300 Ггцке чейинки электр-магнит термелүүлөр менен толкундардын касиетин изилдөөчү жанa пайдалануучу тармагы.

Иштеле турган маселелердин түрүнө жанa колдонула турган тармактарына (нурланткыч, тараткыч, кабылдагыч, өлчөгүч ж. б.) жараша Өтө жогорку жыштыктар техникасы информациялык жанa энергетикалык болуп бөлүнөт.

Информа­циялык техникага радио байланышта, телекөрсөтүүдө, радиолокацияда, радионавигацияда, өлчөө техникасында жана башкада колдонулган, ал эми энергетикалык Өтө жогорку жыштыктар техникасы өнөр жай технологиясында, тиричилик приборлордо, мед., биол., химиялык жабдууларда жана башкаларда колдонулган түзүлүштөр менен системалар кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.