Өөрчүү кемтиги

Википедия дан
Сеам эгиздери

Өөрчү — түйүлдүктүн өөрчүү процессинде организм түзүлүшүндөгү пайда болгон ар кандай тубаса кемтиктер.

Башталышы жана себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өөрчүү кемтиги кош бойлуулуктун 6—12 жумасында (түйүлдүктүн органдары калыптанат) бир катар жагымсыз фактор таасир эткенде өөрчүйт. Ата-эненин, айрыкча эненин аракечтиги, венера оорулары, котон жара өтө коркунучтуу фактор болуп эсептелет. Ошондой эле кош бойлуу аялдын кээ бир вирустуу оорулар (кызылча, кызамык, грипп, эндемиялык паротит, вирустуу гепатит) менен оорушу да өөрчүү кемтигине себеп болот. Болочок эненин туура эмес тамактануусу, тамеки тартуусу, ошондой эле ата-эненин кээ бир оорулары (мисалы, кант диабети), дарыны баш аламан коштонуусу өөрчүү кемтигине түрткү болушу мүмкүн.

Беттин кемтиги

Кемтиктер түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалгыздап жана көптөгөн кемтик дененин сыртында, ошондой эле ички органдарда да болушу мүмкүн.

  • Жалгыз кемтикте кандайдыр бир орун (мисалы, кол-бут) чала жетилет же такыр жок болот, көңдөй орган (мисалы, кызыл өңгөч, карын, көтөн чучук жана башкалар) бүтөлүп калышы мүмкүн. Таяныч-кыймыл системасынын кемтиктери өтө көп жолугат, мисалы, тубаса сөөктүн муундан чыгышы, майыптык, манжалардын аз же ашык болушу, кээде манжалардын биригип калышы. Беттин өөрчүү кемтигинен эриндин, таңдайдын, үстүңкү жаактын жырыгы көп жолугат.

Ички органдардын кемтигинен тубаса жүрөк кемтиги, тамак сиңирүү жолунун, өт жолунун ичкериши, бронх тарамышынын туура эмес калыптанышы, заара-жыныс системасынын кемтиктери, ошондой эле көп учурда дененин кандайдыр бир бөлүгү менен бириккен эгиздер туулат. Мындай майыптардын көбү өлүп калат. Бирок жамбаш тушунан бириккен сиам эгиздери картайганга чейин бирге жашаган учурлар да белгилүү. Кээ бир өөрчүү кемтиги, айрыкча, беттикин хирургиялык операция менен оңдоого болот.

Эрин, жаак жана таңдай жырыгын төрөлгөндөн кийин эле же үч айга караганда операция. жасап, тигип коёт. Жүрөк кемтигин да хирургия жолу менен айыктырат.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өөрчүү кемтигин алдын алууда эненин ар кандай оорудан сактанышы, алкоголь ичимдиктерин ичпеши, дарыны бет алды колдонбошунун (айрыкча кош бойлуулуктун биринчи айларында) мааниси чоң. Өнөкөт оорусу (мисалы, зат алмашуу оорулары) бар аял балалуу болгусу келсе, врач менен кеңешип, кош бойлуу мезгилде анын көрсөтмөсүн так аткаруусу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8