“Худуд ал-аалам”

Википедия дан

"Худуд ал-аалам мин ал-машрык ила-л-магриб" «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки аймактары» («Пределы мира с Востока до Запада») - 982-ж-дын тегерегинде фарсы тилинде жазылган тарыхый-географиялык чыгарма. Автору белгисиз.

Бул эмгек тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автору беймаалым Худуд ал-аалам мин ал-машрык ила-л-магриб чыгармасы Борбордук Азия тарыхын, тарыхый географиясын жана этностук Эмгек кыскача «Худуд ал-аалам» («Аалам аймактары») деп аталат. Анын бир гана кол жазмасы 1892-ж. Кашкардан табылган.

Алгачкы алты бабында жалпы физикалык-географиялык мүнөздөмө берилип, чыгыштан батышты карай жайгашкан 52 аймактык-акимдик экономикалык абалы, ар биринин чек арасы, коңшулаш жерлери жана элдери, шаарлары көрсөтүлгөн. Табияты, аба ырайы, элдердин үрп-адаты, каада-салты, чарбачылыгы айтылган.

Китепте Теңир-Тоо аймагы (айрыкчы Ысык-Көл өрөөнү) жөнүндө маалыматтар бар. Ал кезде кыргыздар (хирхиз) негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен кесип кылышкандыгы айтылат.

Эмгекте орто кылымдарда жашаган түрк элдери, Барскан, Суйаб, Өзгөн, Ош, Пенчул сыяктуу (Кыргызстандын жана Чыгыш Түркстандын аймагындагы) шаарлар, кыштактар жөнүндө да маалыматтар кезигет.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • [1](жеткиликсиз шилтеме)
  • [2](жеткиликсиз шилтеме)