300 спарталык (тасма 2006)
300 спарталык
| |
300 | |
Жанры | |
---|---|
Режиссёру | |
Продюсери |
Жеффри Сильвер |
Сценарийдин автору |
Зак Снайдер |
Башкы ролдордо |
Жерард Батлер |
Оператору | |
Композитору | |
Кинокомпания |
Warner Bros. |
Узактыгы |
117 мүнөт |
Бюджети | |
Кирешеси | |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
Кийинки тасма |
300 спарталык 2 |
IMDb |
300 спарталык (англ. 300) — Америка көркөм тасмасы.
Мазмуну
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биздин заманга чейинки 480-жыл. Каардуу жана барктуу Леонид (Жерард Батлер) – Спартанын башчысы. Акылдуу жана сулуу жубайы Горго (Лена Хеди) менен мамлекетин башкарат. Бирок, кооз жана бай мамлекет душмандардын көзүн кызыктырбай койбойт. Күндөрдүн биринде хандын алдына “шаарыңа кол салуу үчүн перстердин миңдеген аскер катарлары келатышат” деген кабар менен чабарман келет. Келаткан – Персиянын аёо билбеген зөөкүр ханы Ксеркс (Родриго Санторо). Ал башка элдерди басып алгандай эле Спартаны да багындырууну самап келет. Леонид чабармандын “сүйүнчүсүн” берет – аны дароо өлтүрүп, мунусу менен согушка даяр экендигин билдирет. Перстерге каршылык көрсөтө алаарына көзү жеткен Леонид Ксеркске эч качан моюн сунбашын айтат. Бирок, Спартанын куу саясатчылары да, көзү ачык аксакалдар кеңеши да согушка каршы чыгышат. Эмне айла табаарын билбеген Леонид жубайынан кеңеш сурайт. Горгонун “душманыңдын алдына тизелегенден көрө анын бетине тик кара!” деген күчтүү сөздөрү Леонид үчүн ураандай угулат. Бирок, анын чечимин бүт өлкө колдобой, башчы болгону 300 гана аскер чогултууга жетишет. Мына ошол 300 спарталык жоокер менен Ксеркс баштаган сансыз армиянын ортосундагы Фермопил деген тик аскалуу жерде өткөн кандуу согушту баяндайт бул тасма.
Каармандарда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Актёр | Роль |
---|---|
Жерард Батлер | Спартанын ханы / колбашчысы Леонид |
Лина Хиди | Ханайым Горго (Леониддин жубайы) |
Дэвид Венхэм | Спарта жоокери Дилий |
Винсент Риган | капитан Артемий (Леониддин досу) |
Родриго Санторо | Перс ханы Ксеркс |
Доминик Уэст | Спарталык саясатчы Ферон |
Том Уисдом | капитан Артемиянын улуу баласы Астин |
Майкл Фассбендер | спарта жоокери Стелиос |
Эндрю Плевин | аркадиан жоокери Даксос |
Эндрю Тирнан | спартанский изгнанник Эфиальт |
Жованни Киммино | Леониддин баласы Плистарх |
Питер Менса | персиялык кабарчы |
Келли Крэйг | оракул |
Стивен МакХэтти | кеңешчи |
Патрик Сабонгуй | персия генералы |
Тайлер Нейтзел | кенже Леонид |
Робер Майе | Берсерк |
Даррен Шахлави | перс жоокери |
Тасманын тартылышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тасманын өзөгүн “300” аттуу графикалык роман (комикс) түзөт. Анын автору белгилүү прозаик, карикатурист Фрэнк Миллер – Канада менен АКШдагы көптөгөн күйөрмандардын сүйүктүү жазуучусу. Анын күйөрмандарынын катарында тасманын режиссёру Зак Снайдер да бапэр. Тарыхый роман режиссёрго күчтүү таасир эткендей, аны дароо эле сценарийлештирип, тасмага айландырууну чечкен. Негизги актёрлук топ тасмага тартылуу үчүн чоң даярдык көрүшүп, ар бири колуна китеп алып, байыркы Спартанын тарыхын окуп чыгышкан. Жогорку окуу жайларынан тарых мугалимдери жалданып келинип, суроолорго жооп берип, кадимкидей сабак өтүп турушкан. Ал эми актёрлорду физикалык жактан машыктыруу үчүн профессионалдуу альпинист Марк Твайт менен каскадёр Деймон Каро жардамга чакырылышкан. Булар актёрлук топту күн сайын машыгуучу залда даярдаган. Тасма тартылууга 8 жума калганда бардык актёрлор даяр болгон. Оор көнүгүүлөрдү аткарышып, диета да кармашкан. Съёмкалар аскалуу тоолордо, жарлардын арасында өткөн соң тез жардам жана коопсуздук кызматы дайыма жакын жерде болуп турган. “Спарталык жоокерлер перстерден айырмаланып туруусу үчүн аларга коңур түстөгү калың кийимдерди кийгиздик. Ал эми перстерге ачык жашыл, көгүш өңдөр жарашты” деп билдирген, тасманын костюмери Майкл Уилкинсон. Бул таланттуу тигүүчүнүн колунан жаралган эң татаал костюм – Ксеркстин темирден жасалган зоот кийими. Тасманын жаралышында гримёрлордун да эмгеги зор. Алардын жардамы менен Ксеркстин, анын өздөрү атагандай Өлбөс жансакчыларынын, бүкүр чыккынчы Эфиальттын жана башка романда болбогон жаңы каармандардын образдары мыкты жаралды.
Кызыктуу маалыматтар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бюджети 65 миллион доллар болгон.
- Тасманын эсте калаарлык өзгөчөлүктөрү көп. Мисалы, анын жалаң күңүрт боз түстө тартылышы. Тасмада жаркыраган күн дээрлик жок, асман дайым бүркөк.
- Каармандардын чоң план менен тартылышы. Көздөр, эриндер жана колдун манжалары өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн.
- Күчтүү сценарий тасманын ийгиликке жетишине чоң салым кошкон. Андагы кооз фразалар көрүүчүнүн эсинде көпкө чейин кала турчудай.
- Жагымдуу музыка тасманын дээрлик башынан аягына чейин тынбай ойноп турса да эч тоскоол болбойт. * * Композитор Тайлер Бейтс жазган обон тескерисинче, кандайдыр бир түбөлүк сырдуулукту жаратып турат. * Тасманын саундтрек ырларынан турган “300” деп аталган ыр жыйнагы жарык көргөн.
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 www.boxofficemojo.com «300» (англ.) (2018). Текшерилген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -июнь (кулжа) 2012.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «300 спарталык» (англ.) Internet Movie Database сайтында [[Файл:Stars100Expression error: Unexpected < operator.Expression error: Unexpected < operator..svg|75px|10 жылдыздуу 7.8]]
- Калып:Rotten tomatoes [[Файл:Stars100Expression error: Unexpected < operator.Expression error: Unexpected < operator..svg|75px|10 жылдыздуу 6.0]]
- Калып:Amg title Калып:Рейтинг-5
- Тасманын расмий сайты (англ.)
- Тасманын расмий тартуу блогу (англ.)
- Тасманын трейлери
- Тасманын катачылыктары (орусча)
- King Leonidas and the 300 Spartans of Thermopylae Archived 2009-05-12 at the Wayback Machine (англ.)