Мазмунга өтүү

731 отряды

Википедия дан
731 отрядынын имараттарынын комплекси
Сиро Исии
Реити Найто
Йошимура Хисато
Харбиндеги имараты
Меморалдык такта
1945-жылы бузулган 731 отрядынын имараты
Йошимура Хисатонун үшүк боюнча изилдөөлөрүнүн маалыматы
Биологиялык куралдар имаратынын урандылары
Имараттарынын бири

«731 отряды» (жапон. 731部隊) — биологиялык курал жаатында изилдөөлөрдү, согуш учурунда туткунга түшкөн, барымтага алынга же уурдалган тирүү адамдардын арасында ар түрдү тажрыйбаларды жүргүзгөн Жапониянын куралдуу күчтөрүнүн атайын отряды. Бул отряддын мүчөлөрү, адамдар ар кандай факторлордун таасири астында канча убакыт жашай ала тургандыгын аныктоо максатында адамгерчиликсиз жана ырайымсыз тажрыйбаларды жүргүзүп турушкан. Кургак чөйрөдө, ачкачылыктын таасири астында, ысыкта жана суукта, кайнак суу менен күйгөндөн кийин, электр тогунан жаракат алгандан кийин, вивисекциядан кийин, наркозу жок адамга медициналык операция жасагандан кийинки адамдын организминин реакциясы ж.б. ушул сыяктуу үрөй учурган тажрыйбалардын артында так ушул «731 отряды» турган[1][2].

Бул отрядтын курмандыктары көбүнчө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон, ошондой эле жапон бийлиги тарабынан камакка алынган туугандарынын тагдырын билүүгө аракет кылган адамдарды дагы алдоо же күч колдонуу жолу менен өз курмандыктарына айландырышкан[3].

1932-жылы Хирохито императору тарабынан түзүлгөн жана отряд үч миң кишиден турган. Бул жашыруун комплекс Жапония тарабынан басып алынган Кытайдын Биньцзян провинциясынын Пинфан айылынын аймагында жайгашкан (Харбин шаарынын түштүгүндө, шаардан жыйырма чакырым алыстыкта)[4][5].

Отрядты 1932-жылдан 1942-жылдын июнуна чейин генерал-лейтенант Сиро Исии, 1942-жылдын июлунан 1944-жылдын февралына чейин Масадзи Китано башкарган.

Жапониянын улуттук архивинин 2018-жылдын апрелинде ачыкталган маалыматтарына ылайык, адамдарга карата ырайымсыз тажрыйбаларды жүргүзүүдө Ясудзи Канэко, Ёсио Синодзука, ошондой эле «Жашыл Крест» фармацевтикалык корпорациясынын негиздөөчүсү Реити Найто дагы катышкандыктары далилденген.

Жашыруун комплекстин аянтын даярдоо үчүн Кытайдага 300 дыйкандын үйлөрү түп оту менен өрттөлүп жок кылынган. Отрядтын өзүнүн авиациялык бөлүгү болгон. «731 отряды» императордун аскердик документтеринде «Квантун армиясынын бөлүктөрүн суу менен камсыздоо жана профилактика боюнча башкы дирекция» деп белгиленген.

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хабаровск шаарында өткөн сотто, Квантун армиясынын башчысы, генерал Отодзо Ямаданын көрсөтмөсүнө ылайык — «731 отряды» негизинен СССРге, Моңгол Эл Республикасына, Кытайга жана башка мамлекеттерге каршы бактериологиялык куралды даярдоо максатында уюштурулган.

Соттук отурум учурунда «731 отряды» бактериологиялык куралды даярдоого түздөн-түз тиешеси жок ырайымсыз жана азаптуу тажрыйбаларды тирүү адамдардардын үстүнөн жүргүзгөнү далилденген. Жапондор, кыйнап тажрыйба жүргүзгөн адамдарды өз ара «дөңгөч» деп аташкан. Азаптуу кыйноодон курман болгондор негизинен кытай, орус, моңгол, корей улутундагы адамдар болгон[6].

Отрядтын аскердик доктурлары тирүү адамдарга анестезиянын таасири астында, көп учурда анестезиясы жок медициналык операцияларды кылышып, кесилген курсактан адамдардын органын бир-бирден, кезек-кезеги менен алып салуу менен адамдын реакциясын жана организмдин абалын каттап турушкан. Мындай операциялар адамдын баш мээсин алуу менен аяктаган. Организмден алынган органдар кийинки изилдөөлөрдү жүргүзү үчүн отрядтын башка бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилип турган[1].

Адамдын организминин чыдамкайлыгынын чектерин аныктоо үчүн ар түрдүү азаптуу тажрыйбалар дайыма болуп турган. Бийиктикте же төмөн абанын температурасы учурунда адамдын организминде кандай өзгөрүүлөр болушун байкоо үчүн адамдарды барокамераларга киргизип аба басымын төмөндөтүп жана аларды тоңдурушкан, адамдардын колдорун жана буттарын өтө төмөн температурада тондурушуп гангренанын өрчүшүн байкашкан, ар түрдүү ооруларды адамдарга атайылап жуктурушуп байкоолорду жүргүзүшкөн. Көп тажрыйбалар кинопленкаларга тартылган, эгер адам тажрыйбадан кийин тирүү калса ал өлүмгө дуушар болгонго чейин башка тажрыйбалар улантылган. Бул отрядка түшкөн адамдар тирүү чыккан эмес[1].

Отрядтын карамагында авиацияны колдонуу менен жапондор тарабынан бактериологиялык чабуулдар Кытайдын 11 шаарына жасалган. Кытай тарыхчылары 1940-жылдан 1944-жылга чейин жасалма жол менен таратылган кара тумоонун курмандыктарынын саны 700гө жакын адам деп эсептешкен. Бул тажрыйбалар учурунда өлтүрүлгөндөрдүн санынан көп эсе аз болгон.

«731 отрядынын» ишмердүүлүгү «Хабаровск процесси» деп аталган соттук отурум учурунда иликтенип, ага тиешеси бар Квантун армиясынын бир катар аскер кызматкерлери ар кандай узактыктагы мөөнөткө эркинен ажыратуу менен аяктаган.

Кийинчерээк бул отрядтын мүчөлөрунө ар кандай илимий даражалар берилген, коом тарабынан таанылган жана отрядтын мүчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү жеке медициналык клиникаларды, ооруканаларды, дары-дармек чыгаруучу ишканаларды негиздешкен. Үрөй учурган тажрыйбалардын негизинде көп сандагы курмандыктарга себепчи болгон жана күнөлүү адамдардар АКШ тарабынан кармалган дагы, соттолгон дагы эмес. Моримуранын китебинде билгиленген негизги себеби, бул АКШ үчүн тажрыйбалардын жыйынтыгы баалу болгон жана отрядтын кээ бир мүчөлөру АКШга барышып бактериологиялык курал жасоо багытында билимдери менен бөлүшүп турушкан[7][3].

Отрядтын түзүмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
    • 1-бөлүм
  • Касахара тобу — вирустарды изилдөө.
  • Танака тобу — курт-кумурскаларды изилдөө.
  • Йошимура тобу (илимдеги ишмердүүлүгү үчүн 1978-жылы Жапониянын Күн Чыгыш ордени менен сыйланган) — үшүктү изилдөө, уулуу газдар менен тажрыйба жүргүзүү (жаш балдар арасында дагы тажрыйбалар).
  • Такахаши тобу — кара тумоону изилдөө.
  • Эдзима тобу (кийинчерээк Акисада тобу) — дизентерияны изилдөө.
  • Оота тобу — күйдүргүнү изилдөө.
  • Минато тобу — холераны изилдөө.
  • Окамото тобу — патогенезди изилдөө.
  • Ишикава тобу — патогенезди изилдөө.
  • Утими тобу — кан сывороткасын изилдөө.
  • Танабе тобу — келтени изилдөө.
  • Футаки тобу — кургак учукту изилдөө.
  • Кусами тобу — фармакологиялык изилдөөлөр.
  • Ногучи тобу — риккетсииини изилдөө.
  • Арита тобу — рентгенге тартуу.
  • Ута тобу — күйүктү изилдөө.
    • 2-бөлүм
  • Ягисава тобу — өсүмдүктөрдү изилдөө.
  • Якэнари тобу — бактериологиялык куралды колдонуу менен бомба жасоо.
    • 3-бөлүм
  • Карасава тобу — бактерияларды өндүрүү.
  • Асахина тобу — келте оорусун изилдөө жана вакцина өндүрүү.

Өлтүрүлгөндөрдүн сөгү атайын топ тарабынан көзөмөлдөнгөн. Сөөктөр атайын мештерде өрттөлүп турган[8].

Курмандыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«731 отрядынын» кызматкерлеринин эскерүүлөрү боюнча, тажрыйбалардын жыйынтыгында жалпысынан 3000ге жакын адам каза болгон. Тарыхчы Шелдон Харристин айтымында каза болгондордун саны 10 000 — 12 000 чейин жетет[9]. The Guardian гезити 1936-жылдан 1945-жылга чейин каза болгондордун санын 14 000 адам деп эсептейт[10].

Отрядтын мурдагы кызматкерлеринин айтуусу боюнча, каза болгондордун 70% кытай улутундагы, 30% орус (СССРдин жарандарын орустар деп катташкан) улутундагылар болгон. Курмандыктарынын арасында аз сандагы корей жана моңгол улуттундагы адамдар болгон.

Курмандыктарынын көпчүлүгүнүн жаш курагы 20 жаштан 30 жашка чейин болгон жана 40 жаштан ашкан эмес.

«731 отрядында» өлтүрүлгөн миңдеген адамдардын бир нечесинин гана ысымдары белгилүү:

  • Сун Чаошань — Муданьцзяндык темир жолчусу.
  • У Диансин — жыгач уста.
  • Чжу Чжимин — слесарь.
  • Ван Инден.
  • Чжун Минцы — соода ишканасынын кызматкери.
  • Циу Дэси — Кытай Коммунисттик партиясынын мүчөсү, Шаньдун провинциясынын тургуну.
  • Демченко — Кызыл Армиянын жоокери.
  • 35 жаштагы Мария Иванова жана анын төрт жаштагы кызы.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]