BMW

Wikipedia дан
BMW.svg

BMW AG (немис тилинде Bayerische Motoren Werke AG, кыргызча Бавариялык мотор заводдору) — Германиялык автомомобил жана мотоцикл чыгаруучу компания.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

BMW компаниясы 1917-жылы Германиянын Айзенах шаарында негизделип, бирок, атактуу эмблемасы арадан 15 жыл өткөндөн кийин гана же өздөрүнүн алгачкы чыгарган автомобилинде пайда болгон. BMW- “Bayerische Motoren Werke” же “Бавариянын мотор зоводу” деп чечмеленет. Фирма өзүнүн алгачкы иш-аракетин авиациялык кыймылдаткычтарды чыгаруудан баштаган. Ошондон улам эмблемасында төрт бөлүктөн турган канат сымал үч бурчтуктар орун алган. Антсе да аталган компаниянын авиациялык иш-аракети көмүскөдө калып, ааламга өздөрү чыгарган машиналары менен таанылды.

BMW жаралуу башатында Рапп жана Отто аттуу самолёт куруу менен шугулданган эки инженер турган. Алар өздөрүнүн анча чоң эмес фирмаларын бириктирип компания түзүшөт да, жумушка Макс Фриц аттуу жаш инженерди чакырышат. Рапптын конструкциясын өркүндөткөн Фриц өзүнүн BMW аттуу алгачкы авиациялык моторун ойлоп табат. 1919-жылы “BMW-4” мотору орнотулган самолёт дүйнөлүк рекорд жасап, учкуч 9670 метр бийиктикке көтөрүлөт. Чынында 10 чакырым бийиктиктеги аба кысымына поршендүү кыймылдаткыч менен чыгуу сенсация болчу.

Дүйнөлүк рекорддун ичинен 1927-жылы жана 1929-жылы коюлгандары ушул BMW моторуна таандык.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Версал келишими шарты боюнча Германияга 5 жыл бою авиакыймылдаткычтарын чыгарууга тыюу салынган. Ошондо баягы эле Макс Фриц укмуштай кыска убакытта, же 5 жуманын ичинде “BMW R32” деген мотоциклди ойлоп тапкан. Арадан 6 жыл өткөн соң ал мотоциклдин жаңы түрү саатына 216 чакырым жүрүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Ал эми 1937-жылы болсо мотоцикл ошол учур үчүн түшкө кирбеген 279,5 чакырым/саат ылдамдыкты багындырат. 1981-жылы BMW чыгарган «Enduro R 80 G/S» мотоцикли раллиге, Париж-Дакар жарышына чыгат. Кыскасы, мотоцикл чыгаруу согуш учурунда талкаланган компанияны кайрадан бутуна тургузуп, BMW заводу автомобиль өндүрүшүнө кирише баштаган.

Жаңы машиналар... жаңы технологиялар[оңдоо | булагын оңдоо]

Ар кандай үлгүлөрдүн ичинен 6 цилиндирлүү кыймылдаткычы бар “BMW-303” үлгүсүндөгү машинада биринчи жолу радиаторго мүнөздүү торчо пайда болгон. Ал эми 1936-жылы чыккан “BMW-328” спорттук үлгүсү болсо техникалык жаңылык жасаганы менен белгилүү. Башкача айтканда, “клапандуу механизмдин штангалуу жаңы системасы”, “труба түрүндөгү рама” жана “6 цилиндирлүү кыймылдаткыч блоктун жапкычы менен” деген техникалык жаңылыктар ошондо пайда болгон. Бүгүн “BMW-328” үлгүсү табылгыстыгы үчүн легендага жана раритетке айланган. Ошондуктан, аны эч кандай акчага сатып алууга мүмкүн эмес.


Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин BMW компаниясы автомобиль өндү­рүш­үн кайра жандандыруу максатында Седан-501 үлгүсүн чыгарат. Бирок, талкалаган техникалык каражаттар алдыга жылууга мүмкүндүк берген эмес. Анан 1959-жылы гана аба аркылуу муздоочу системасы бар BMW-700 үлгүсү чыгарылып, ишкана ички кризистен чыгууга жетишкен. Ал эми негизги ийгиликти болсо “BMW-1500” үлгүсү жаратып, базарда укмуштай суроо-талапка ээ болот.

1972-жыл BMW үчүн келечекке ийгиликтүү кадам таштоонун жылы болот. Компаниянын жылдык кирешеси 2 миллиард маркага жетип, Мюнхендеги жаңы штаб-квартирасынын жана Дингольфиндеги тетик чогултуучу ишканасынын курулушу бүтөт. Ошондой эле Түштүк Африкада курган автомобиль жыйноочу ишканасы ишке кирет. 1977-жылы апрелде биринчи “семёркалар” пайда болуп, BMWнын бардык үлгүлөрү жаңыланууга өтөт. Албетте, компанияын бардык тепкичтерин санап отурбай, анын эң бийик ийгилиги катары 1995-жылы чыккан BMW 5-сериясынан чекит койсок болот. Анткени, мына ушул 5-сериядан баштап, BMW машиналары бир гана өзүнүн жаңы дизайны менен айырмаланбастан, эң алдыңкы техникалык жетишкендиги менен да өзгөчө­лөнө баштаган. Айталы, машина куруу тармагында биринчи жолу “тартуучу бөлүк” толук бойдон алюминийден жасалган. Өзгөчө катуу кузов болсо кокустуктан сактануунун деңгээлин кө­төргөн.


Суперагенттер жана “гонщиктер” үчүн жаралган машина[оңдоо | булагын оңдоо]

80-жылдардын башында корпорация жогорку класстагы автоспортто да өзүн көрсөтүүнү чечет. Пауле Роше жетектеген адистер 1,5 литр көлөмдөгү 4 цилиндирлүү кыймылдаткычтан 800 литр/секунд кубаттагы өзгөчө агрегат жасап чыгышат. Ошол мотор менен алар 9 жолу “Формула-1” жарышынан Гран-Прини утуп алышкан. Анан эле BMW күтүүсүз Формула-1 жарыштарынан кетип, айланма жолдордогу жарыштарга өтүп кеткен. Бирок, мындагы натыйжаларга сөз жеткис эле. Анын жолдогу жеңиштерин, наамдарын санап отурсак сөз түгөнбөс.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, «Родстер БМВ Z3” үлгүсүн эсиңиздерге сала кетейин. Ооба, кадимки суперагент 007 Жеймс Бонд “Алтын көз” тасмасында минген машина. Бул тасма кандай укмуштуу ийгиликтерге жетишкен болсо, “BMW Z3” да бестселлерге айланган.

Учурда BMW компаниясынын башкы штаб квартирасы Мюнхен шаарында жайгашкан. Мындан сырткары, алар өздөрүнүн өндүрүшүн Германиянын 5 заводунда жана бүтүндөй дүйнөгө чачыраган 22 филиалында чыгарышат.