COVID-19 пандемиясынын балдарга тийгизген таасири

Википедия дан
COVID-19 пандемиясынын балдарга тийгизген таасири
Негизги маалымат
Оорунун аталышы

COVID-19

Вирустун түрү

SARS-CoV-2

Алгачкы катталган
аймагы

 Кытай

Аудио, фото, видео Уикиказынада

COVID-19 пандемиясынын балдарга тийгизген таасири — Коронавирус 2019-жылдын аягында коронавирустун жаңы түрү адамдарда сасык тумоонукуна окшош белгилерди пайда кыла баштаган. Бул илдет коронавирус оорусу-19 деп аталып, кыскартканда COVID-19 деп жазылат. Вирус оңой таралып, бүткүл дүйнө жүзү боюнча көп адамдарды жабыркатты.

Балдардагы белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Калтыроо же Чыйрыгуу
  • Жөтөл
  • Мурундан суу агуу, бүтүү, капысынан даамды жана жытты билбей калуу
  • Тамактын оорутуусу
  • Демигүү же дем алуунун кыйындашы
  • Ич өтүү
  • Көңүл айнуу же кусуу
  • Ичтин оорушу
  • Чарчоо
  • Баш ооруу
  • Булчуңдардын же дене-бойдун оорутуусу
  • Табит тартпоо же тамакты жакшы жей албоо, өзгөчө 1 жашка чейинки балдарда.

COVID-19 жуктурган көпчүлүк балдарда бул илдеттин белгилери билинер-билинбес байкалат же таптакыр жок болот. Ошентсе да кээ бир балдарды COVID-19 оор абалга түшүрөт. Аларды ооруканага жаткыруу талап кылынып, үзгүлтүксүз дарылануу дайындалып, дем алуусуна жардам бериш үчүн жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткыруу талап кылынат. Тилекке жараша балдар абдан сейрек учурларда гана өлүмгө учурашат[1].

Колдо бар маалыматтарга таянып айта турган болсок, азыркы күнгө чейин бул оору менен катталган 18 жаштан төмөнкү балдардын үлүшүнө өлүмдүүлүк болжолдуу түрдө 8,5% туура келип, бул башка курактагыларга салыштырмалуу эң аз жоготуу болуп саналып, балдарда аталган илдет өтөрүн тастыктайт. Муну менен катар сөз кылынып жаткан жаш бейтаптар кээ бир учурларда кыйын абалга түшөрү тууралуу маалыматтар да бар. Улуу курактардагы сыяктуу эле жаш балдардын бул оорусунун татаалдашып кетүүсүнө жана мындан улам үзгүлтүксүз дарылоо талап кылынышына алардын мурдагы оорулары себеп болорун болжолдосок болот.

Жалпы маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

COVID-19 менен балдар чоңдорго салыштырмалуу аз оорушса да, алар бул жаман ооруну алып жүрүшөт. Муну жуктуруп алган балдар да COVID-19ду башка адамдарга таркатуучулардан болуп саналышат. Алар COVID-19 дун белгилери көп байкалбаган чоңдордой эле оорунун булагы болушса да, билинбей жүрө беришкендиги менен коомго коркунуч жаратышат.

Эгер балада оорунун белгилери байкалса, эмне кылуу керек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Баладан көрүнгөн оорунун белгилерин жакшылап байкоого алуу керек.
  • Башкалар менен байланышын болушунча азайтуу максатында баланы элге аралаштырбай, бөлүп кармоо керек.
  • Токтоосуз түрдө балдар дарыгерине кайрылуу кажет. Өз алдынча дарыланбоо керек.
  • Эгер балаңызда төмөнкүдөй белгилер байкалса, шашылыш түрдө “103” номерине чалып, тез жардам чакыруу керек:

А. дем алуусунда көйгөй жаралса

Б. ичи катуу ооруса

В. көкүрөгү кысылса же ооруса

Г. акыл-эси ордунда болбосо, сөзүнүн мааниси, сүйлөгөнү бузулса

Д. сергегине тарта албай жатса

Е. эрди, мурдунун алды - эрдинин үстү, бети көгөрсө.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/question-and-answers-hub/q-a-detail/q-a-schools-and-covid-19