EgyptAir 804 каттамындагы кырсык
EgyptAir 804 каттамындагы кырсык | |
Жайгашкан жери | Жер ортолук деңиз, Александрия |
---|---|
Жайгашуу координаттары | 33°40′33″N 28°47′33″E |
Убакыт маалы | 19 май 2016 |
Сапардын башталышы | Париж — Шарль-де-Голль |
Көздөгөн жери | Каир аба майданы |
Катышуучулардын саны | 66, 56, 10 |
Аман калгандардын саны | 0 |
Дайынсыз жоголгондордун саны | 0 |
Каза болгондордун саны | 66, 56, 10 |
Транспорт каражаттары | Airbus A320 |
Тейлөөчү | EgyptAir |
Иликтөөчү | Египеттин жарандык авиациялык министрлиги |
Колдонгону | Airbus A320-232 |
Учакты каттоо | SU-GCC |
Каттамдын номуру | MS804, MSR804 |
Commons категориясы | EgyptAir Flight 804 |
EgyptAir Flight 804 |
EgyptAir 804 каттамындагы кырсык — 2016-жылдын 19-майында болгон ири авиакырсык. EgyptAir авиакомпаниясынын Airbus A320-232 учагы Париж—Каир багыты боюнча MS804 пландуу каттамын аткарып жаткан, бирок учуу бүтөрүнө аз калганда, жээктен 290 чакырым алыстыкта, Жер Ортолук деңизинин үстүндө кабинада өрт чыккан. Учак спираль түрүндө ылдыйлап барып, Грекия аралдарына жакын сууга кулап түшкөн. Учакта болгон 66 адамдын баары — 56 жүргүнчү жана 10 экипаж мүчөсү каза болгон[1][2][3][4][5].
Учак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Airbus A320-232 (каттоо номуру SU-GCC, сериясы 2088) 2003-жылы чыгарылган (биринчи каттамды 25-июлда F-WWBH сыноо номуру астында аткарган). Ошол эле жылдын 3-ноябрында EgyptAir компаниясына өткөрүлүп берилген. Эки International Aero Engines V2527-A5 турбо желдеткич кыймылдаткычтары менен жабдылган[6][7][8].
Жүргүнчүлөр жана экипаждар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]MS804 каттамынын экипажы төмөнкүчө болгон:
Учактын командири (PIC) 36 жаштагы Мохаммед Шокейр (англ. Mohammed Shoqeir). Тажрыйбалуу учкуч, EgyptAir авиакомпаниясында 12 жыл иштеген (2004-жылдан бери). Учуу убактысы 6275 саат, анын 2101 сааты Airbus A320 болгон[9]. Экинчи учкуч 24 жаштагы Мохамед Ассем (англ. Mohamed Assem). Учуу убактысы 2766 саатты түзгөн[9]. Учактын кабинасында 5 стюардесса иштеген. Экипаждын курамында 3 коопсуздук кызматкери да болгон.
Жарандыгы[10] | Жүргүнчүлөр | Экипаждар | Баардыгы |
---|---|---|---|
Алжир | 1 | 0 | 1 |
Бельгия | 1 | 0 | 1 |
Канада | 1 | 0 | 1 |
Чад | 1 | 0 | 1 |
Египет | 30 | 10 | 40 |
Франция | 15 | 0 | 15 |
Ирак | 2 | 0 | 2 |
Кувейт | 1 | 0 | 1 |
Португалия | 1 | 0 | 1 |
Сауд Арабиясы | 1 | 0 | 1 |
Судан | 1 | 0 | 1 |
Улуу Британия | 1 | 0 | 1 |
Баардыгы | 56 | 10 | 66 |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ SU-GCC Accident description. Aviation Safety Network (19 -май (бугу) 2016). Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2016.
- ↑ Найден первый фрагмент тела погибшего при катастрофе A320.
- ↑ Рейс MS804 исчез на высоте 11 тысяч метров – Egypt Air (орусча) (19 -май (бугу) 2016).
- ↑ Пропавший самолет EgyptAir мог рухнуть в Средиземное море (орусча). Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2021.
- ↑ [http://avherald.com/h?article=4987fb09&opt=0 Crash: Egypt A320 over Mediterranean on May 19th 2016, aircraft lost over Mediterranean,болгон. ignal picked up] (англ.). Aviation Herald (19 May 2016). Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2016.
- ↑ Что известно о разбившемся авиалайнере Airbus A320-232 EgyptAir. Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2021.
- ↑ Egyptair SU-GCC (Airbus A320 - MSN 2088) | Airfleets aviation.
- ↑ Please verify your request. Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2021.
- ↑ 9.0 9.1 В авиакомпании рассказали об опыте пилотов пропавшего A320. Lenta.ru (19 -май (бугу) 2016). Текшерилген күнү 24 -май (бугу) 2016.
- ↑ Что нам известно об исчезновении рейса EgyptAir MS804?, BBC Rus. Архивировано из первоисточника 21 -май (бугу) 2016. Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2016.