Imagine Dragons

Википедия дан
Imagine Dragons 2017-жылы

Imagine Dragons (сөзмө-сөз «Ажыдаарларды элестет») — америкалык инди-топ. 2008-жылы Лас-Вегаста курулган. 2012-жылы сентябрьда топтун Night Visions аттуу альбому жарык көргөндө атагы чыккан. Америкалык Billboard журналы топту 2013-жылдын эң жаркыраган жаңы жылдыздары деп, 2017-жылы эң чоң топ деп атаган. Rolling Stone журналы топтун «Radioactive» деген ырын жылдын эң чоң рок-хити деп атаган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Топтун түзүлүүсү (2008—2012)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Imagine Dragons — инди-рок-топ, курамына төрт адам кирет. 2008-жылы Лас-Вегас шаарында негизделген. Топтун аталышы анаграмма, анын маанисин топтун мүчөлөрү гана билет. Дэниэл Рейнольдс өзүнүн тобуна коллеждеги досун Эндрю Толманды чакырган. Өз кезегинде Эндрю топко жубайы Бриттани Толманды (клавиштүүлөр жана бэк-вокал) жана гитарада жакшы ойногон Дэниел (Уэйн) Сермонду чакырган. Топтун белгилүүлүгү тез өсүп баштаган. Кийин Дэн менен Уэйнге басист Бенджамин (Бен) МакКи кошулган. 2010-жылы Эндрю менен Бриттани үй-бүлө куруу үчүн топтон чыгуусун кабарлашкан. Анда Бен МакКи топко барабанчы Дэниэл (Платц) Платцманды чакырган. Кийин аларга Бриттанинин ордун басып Аврора Флоренс келген, Аврорадан кийин — Тереза Фламинио. Тереза кеткенден кийин топтун курамы өзгөргөн эмес.

2009-жылдын башында музыканттар студияда иштеп башташкан. 1-февральдан тарта өзүнүн алгачкы Imagine Dragons аттуу кичи-альбомун чыгарышкан. Кийинки жылдын 1-апрелинде Hell and Silence кичи-альбому жарык көргөн. Бул альбомдуг жаздыруусунда «Грэмминин» номинанты Марк Нидхэм катышкан. Эки альбом тең Battle Born Studios үндү жаздыруу студиясында жазылган. Көп өтпөй аларга 107.9FM радиосунун 2010-жылдын эң талап кылынуучу тобу катары ар жылдык Bite of Las Vegas фестивалында ырдап чыгууга сунуш түшкөн. Vegas Music Summit фестивалында хедлайнерлер болуп тандалган. Las Vegas Weekly гезитинин ою боюнча алар «2010-жылдын эң мыкты инди-тобу» деп аталган, жана дагы Vegas Seven журналы тарабынан «2011-жылдын эң мыкты пластинкасы» сыйлыгына ээ болушкан. 2011-жылдын ноябрь айында Imagine Dragons америкалык Interscope Records аттуу үндү жаздыруу лейбл менен контракт түзүшкөн. Алар продюсер Алекс Да Кид менен тыгыз кызматташып, Уэст-Голливудда өзүнүн биринчи дискин жаздырышкан. Алардын EP'си Continued Silence деп аталып, 2012-жылы 14-февральда жарыкка чыккан. Imagine Dragons өзүнүн алгачкы альбомун чыгарганга аябай кылдаттык менен даярданышкан. Интервьюлардын биринде Уэйн: «Бир нече EP чыгарып жатып, биз жагдайды байкап жаттык. Алгачкы альбом ийгиликтүү болушун каалайбыз» деп билдирген.

Night Visions (2012—2014)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы 4-сентябрьда топтун биринчи толук баалуу альбому чыккан — Night Visions. Ал альбом Billboard 200 чартында экинчи орунга жеткен. «It’s Time» деген ыры Billboard Hot 100 чартында 22-чи орун, Billboard Alternative жана Billboard Rock чарттарында 4-чү орунду ээлеп, кийин платиналык болгон.

Альбомго чейин топ башка долбоорлор үчүн бир нече ыр чыгарган. Алар «Who We Are», «Warriors» ырлары жана «All for You» ырынын деможазылуусу.

Smoke + Mirrors (2015—2016)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылы сентябрьда топ «I Bet My Life» ырын чыгарып, ноябрьда бул ырга видеоклип тарттырган. Декабрьда «Gold» аттуу экинчи ыры чыккан. Көп өтпөй альбомдун анонсу жарыяланган. «Smoke + Mirrors» деп аталган альбом 2015-жылы 17-февральда чыккан. Альбомду колдоп Smoke and Mirrors World Tour дүйнөлүк туру болуп өткөн. Мындан тышкары, топ Smoke+Mirrors Live тасмасын тарттырып, ал 2016-жылы 2-мартта дүйнө жүзү боюнча кинотеатрларда көрсөтүлгөн.

2016-жылы ноябрь айында үчүнчү студиялык альбом чыгат деген ушактарды топ чын деп айтып, «Levitate» аттуу ырын чыгарган. Бул ыр «Жүргүнчүлөр» тасмасынын саундтректер тизмесине кирген.

Evolve (2017—2018)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы 8-майда Imagine Dragons жаңы альбомдун анонсун жарыялаган. Evolve аттуу альбомдун релизи 2017-жылдын 23-июнунда болуп өткөн. Топтун «Believer» деген ыры 2017-жылы 14-августта өткөн «Teen Choice Awards» аземининин «Эң мыкты рок/альтернатива ыр» номинациясында жеңген.

28-июльда LOVELOUD фестивалында ырдап чыккан, 1 миллион доллар чогултуп, ЛГБТ-коомду колдошкон.

Origins (2018)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

16-июльда Natural ырын чыгарышкан. YouTube сайтында бул ырды төрт саатта 300 миң адам көргөн.

3-октябрьда Origins аттуу жаңы альбомдун чыгаарын жарыялашкан.

23-октябрьда «Zero» ырына видеоклип чыккан.

9-ноябрьда жаңы альбомдун релизи болуп өткөн.

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы катышуучулар
Мурунку катышуучулар
  • Эндрю Толман — урма установка, вокал (2008—2011)
  • Бриттани Толман — пианино, вокал (2009—2011)
  • Тереза Фламинио — клавиштүүлөр (2011—2012)
  • Аврора Флоренс — клавиштүүлөр, вокал, скрипка (2008)
  • Дэйв Лэмк — бас-гитара, вокал (2008—2009)
  • Эндрю Бэк — электрогитара, вокал (2008)
Турнелердин катышуучулары

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Imagine Dragons дискографиясы
  • Night Visions (2012)
  • Smoke + Mirrors (2015)
  • Evolve (2017)
  • Origins (2018)
  • Mercury – Act 1 (2021)
  • Mercury – Acts 1 & 2 (2022)
  • Loom (2024)

Кайрымдуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Imagine Dragons кайрымдуулук менен активдүү алектенишет. 2013-жылы жигиттер онкологиялык оорулуу балдарга жардам берүү фондун негиздешкен. Фонддун аталышын рактан каза тапкан күйөрманы Тайлер Робинсондун атынан Tyler Robinson Foundation коюшкан. Жыл сайын топ акча чогултуу максатта кайрымдуулук гала-концерттерди, вело-жарыштарды өткөрүп турат.

Концерттик турлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Imagine Dragons oon Tour (2011—2012)
  • Fall Tour 2012 (2012)
  • Europe Tour 2012 (2012)
  • Night Visions Tour (2013)
  • Into the Night Tour (2014)
  • Smoke + Mirrors Tour (2015—2016)
  • Evolve Tour (2017—2018)

Сыйлыктары жана көрсөтүүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы жонун топтун 73 көрсөтүүсү бар, алардын ичинен 23 — жеңиштүү. Топтун сыйлыктар тизмесине Grammy Awards, American Music Awards, Billboard Music Awards жана башкалар сыяктуу кадыр-барктуу сыйлыктар кирет.

Жылы Көрсөтүлгөн иши Уюм Сыйлык Жыйынтык
2012 «It’s Time» MTV Video Music Awards Эң мыкты рок-видео Номинация
2013 «Imagine Dragons» Teen Choice Awards Эң мыкты рок-топ Номинация
2014 «Imagine Dragons» Grammy Рок-чыгарманы эң мыкты аткаруу Жеңиш
2014 «Imagine Dragons» Teen Choice Awards Эң мыкты рок-топ Жеңиш
2017 «Believer» Teen Choice Awards Эң мыкты рок/альтернатива ыр Жеңиш

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]