Joomla

Википедия дан
Joomla!
Иштеп чыгуучу Open Source Matters
Биринчи чыгарылышы 17 август 2005
Стабилдүү чыгарылышы 5.0.1/ 27 ноябрь 2023[1]
Сыноодогу чыгарылышы /
Жазылган тили PHP, JavaScript
Операциялык система Microsoft Windows, Unix сымал операциондук системдер
Түрү content management system
Лицензиясы GNU General Public License, version 2.0 or later
Сайты www.joomla.org

Joomla контент башкаруу тутуму[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Joomla – PHP жана JavaScript тилдеринде жазылган, маалыматты сактоо үчүн MySQL берилиштер базасын колдонгон контентти башкаруу системасы. Joomla – GNU GPL лицензиясы эркин программдык жабдык.
«Joomla» сөзү фонетикалык жактан суахили тилиндеги «Jumla» сөзү менен дал келет. Бул сөз «бардыгы бирге» же «жалпы бир» дегенди билдирет, жана системанын өнүгүүсүнө девелоперлердин жана коомдун мамилесин чагылдырат.
Joomla! системасы көпчүлүккө таанымал Mambo CMS-тин тармагы болуп эсептелет. Көз каранды эмес девелоперледин тобу экономикалык политикадагы пикир келишпестиктен улам Mambo проектинен бөлүнүп, 2005-жылдын 16-сентябрында Mambo 4.5.2.3 версиясын Joomla деп атап чыгарышат.

Азыркы учурда 1.5 версиясы актуалдуу. 1.6 версиясы иштелип чыгууда. 1.0 версиясы бүгүнкү күндө эскирген болуп эсептелет, жана 2009-жылдын 1-июлундан тартып жаңыланбайт. Joomla девелоперлер тобунун айтымынакараганда, 2.0 версиясы толугу менен PHP5 үчүн адаптацияланып чыгат. 2008-жылдын жай айларында күнүмдүк көчүрүп алуу саны боюнча Joomla башка тутумдарды бир топ ашып, Wordpress-тен кийин экинчи орунга чыкты.

Негизги мүмкүнчүлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Joomla CMS веб-сайт даярдоо үчүн ар түрдүү аспаптарды өзүнө камтыйт. Тутумдун башкы өзгөчөлүгү болуп баштапкы инсталляцияда аспаптардын минималдык тобу бар болгондугун айтсак болот. Бул жагдай системаны кеңейтүү керек болгондо гана жаңы функционалдык элементтер кошулуушун шарттайт, жана жалпы өндүрүмдүүлүктү жогорулатат.
Негизги мүмкүнчүлүктөр:
• Тутумдун функционалдуулугун кошумчалар аркылуу кеңейтүүгө болот (модулдар, плагиндер, компоненттер).
• Көп даражалуу коопсуздук жана колдонуучулар менен администраторлордун аутентификациясын камсыз кылуучу модуль.
• Шаблондор системасы сайттын көрүнүшүн жеңил өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берет.
• Шаблондо модулдардын орундарын жана катарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү.
• Бүткүл шаблондорду, компоненттерди, плагиндерди жана модулдарды иштеп чыгып кеңейтүүлөр каталогуна жайгаштырса болот.
• Ар бир динамикалык баракча үчүн издөө системаларында сайттын рейтингин жогорулатуу үчүн белги сөздөрдү жана баяндамаларды кошсо болот.
• Каалаган макаланын жарыялануунун убакытын календар аркылуу белгилөө мүмкүнчүлүгү.
• Сайттын белгилүү баракчаларына регистрацияны өткөн колдонуучулар үчүн гана ачык кылуу.

Joomla мыкты жана динамикалуу сайттарды түзүү Web программалоо эч кандай билими жок, сага берет. Мындан тышкары, бутактары, модулдар жана плагиндер бир топ эркин программа.

Минималдык тутум талаптары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Joomla тутумдун иштетүү үчүн керек болгон технологиялар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• PHP:
o PHP 4.4.7 же андан жаңы (Joomla 1.5x үчүн)
o PHP 4.2.x же андан жаңы (Joomla 1.0х)
• MySQL 3.23 же андан жаңы, бирок 6.х эмес
• Apache 1.3 же андан жаңы

  1. Release 5.0.1 (27 ноябрь 2023).