Паллас Петер Симон

Wikipedia дан
(Peter Simon Pallas барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Петер Симон Паллас.

Паллас Петер Симон (нем. Peter Simon Pallas; 1741—1811) - атактуу немис жана орус окумуштуусу, энциклопедиячы, табиятаануучу жана саякатчы. XVIII к. экинчи жарымында ошол учурдагы Россия империясынын аймактарын, анын ичинде Сибирди кыдырып чыккан, орус жана дүйнөлүк илимге зор салымын киргизген биолог, географ, тарыхчы-этнограф, филолог.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Cyanopica cyanus Pallas 1776.

Паллас Петер Симон 1771-1772 жж. азыркы Хакас-Минусин ойдуңунда болгон. Окумуштуу тарабынан көп сандаган эски көрүстөндөр, таш беттерине чегерилген жазуу эстеликтери (кыргыз жазуулары), эски шаарлардын чалдыбарлары, кен иштеткен, петроглифтер ж.б. изилденип, кагаз бетине түшүрүлүп, тизмеге алынган. Айрым эстеликтер Паллас Петер Симон тарабынан табылып, илимге киргизилген. Болочок окумуштуу 1741-ж. 22-сентябрда Берлинде немис дарыгери Симон Палластын үй бүлөсүндо туулган. Палластардын теги пруссактардан (Пруссия) болгондугу айтылат. Энеси Менц деген шаардан чыккан эмигранттардын кызы болгон. Паллас Петер Симондун жаштык чагы агартуучу болгон Пруссия королу Фридрих II дооруна туш келген. Пруссия королу илим борбору болгон Академияны түпкүлүктүү оңдоп, кайра курган. Атасы өз уулун ата кесибин улантат деген үмүттө болгоню. Бирок, жаш Симон табият таануу илимин тандап алган эле. Жеке окутуучулардан билим алган Симон 13 жашка келгенде англис, француз, латын, грек тилдерин мыкты үйрөнүп чыккан экен. Ал бир эле учурда ботаниканы,зоологияны, акушерлик сабактарга катыша баштаган. Ал Галле (1758-1759) жана Гётинген (1759-1760) университеттеринде билим алат. Педагогика, философия, тоо иштери, зоология, ботаника (Карл Линнейдин системасы боюнча), айыл чарбасы, математика жана физиканы тереңдеп үйрөнгөн. 1760-ж. Лейден университетине кирип, ал жерден илимий ишин коргогон, андан соң Голландияда өз ишин улантып, илим менен алектене баштаган. Голландияда табият таануу илимдери жаатында бир катар эмгектери жарык көрөт. Жаш окумуштуу Африка, Азия сыяктуу сырлуу өлкөлөрдү кыдырууну кыялданат эле. 1766-ж. Паллас Петер Симонду Россиянын Илимдер Академиясы табият таануу боюнча профессор жана академиянын мүчөсү катары кабыл алышат. Арадан бир жыл өткөндөн соң Паллас Петер Симон чакырууну кабыл алып Санкт-Петербургга келген. 26 жаштагы илимпоз профессор даражасына ээ болгон жана Европанын илим чөйрөсүнө кеңири белгилүү болуп калган эле. Россияга үй бүлөсү менен келген немис окумуштуусуна 800 рублей маяна төлөп бермек болушкан. Бул акча ошол заман үчүн аябагандай чоң сумма болгон экен. Теги немис болгон орус императору Екатерина II Россия империясынын учу-кыйры белгисиз болуп жактан аймактарын изилдөөгө өтө ынтызар болуп, чет элден көптөгөн окумуштууларды өлкөгө чакырган. Паллас Петер Симондун жетекчилиги астында бир нече “физикалык”, “астрономиялык” экспедициялар түзүлгөн. Бул илимий экспедициялардын негизги максаты болуп, Сибирдин жана Ыраакы Чыгыштын аймактарын комплекстүү изилдөө турган. Ар бир илимий экспедицияга белгилүү окумуштуулар жетекчилик жасашкан. Волга бою, Каспий чектеш аймактар, Урал, Батыш Сибирь, Алтай, Байкал, Забайкалье ж.б. жерлер изилденген. Экспедиция өтө оор шартта жүргөн. Экспедиция мүчөлөрү Сибирдин оор жаратылыш шарттарында иштөөгө, изилдөө иштерин жүргүзүүгө туура келген. Бул изилдөө иштерине көп адам катышкандыгы маалым. Илимий экспедициялардын жыйынтыгы аябагандай зор маалыматтарды топтоо, аларды Кунсткамерага тапшыруу, андан соңку илимий эмгектерди жазуу менен коштолгон. Изилдөөнүн жыйынтыгызоология, ботаника, палеонтология, геология, физикалык географтя, экономика, тарых жана этнография илимдеринде зор ачылыштарды камсыз кылган. Паллас Петер Симон Санкт-Петербургга 1774-ж. кайтып келген. Андан кийин илимий изилдөө иштерин Россияда уланта берген.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Dissertatio inauguralis de infestis viventibus infra viventia» (Лейден: Lugduni Batavorum, 1760). (лат.)
  • «Elenchus zoophytorum, sistens generum adumbrationes generaliores et specierum cognitarum succinctas descriptiones, cum selectis auctorum synonymis» (Гаага (Den Haag): van Cleef, 1766). (лат.)
  • «Miscellanea zoologica, quibus novæ imprimis atque obscuræ animalum species describuntur et observationibus iconibusque illustrantur» (Гаага, 1766). (лат.)
  • «Spicilegia zoologica» (Берлин, 1767—1777). (лат.)
  • «Lyst der Plant-Dieren, bevattende de algemeene schetzen der geslachten en korte beschryvingen der bekende zoorten» (Утрехт (Utrecht): van Paddenburg & van Schoonhoven, 1768). (нид.)
  • «De ossibus Sibiriae fossilibus, craniis praesertim Rhinocerotum atque Buffalorum, observationes» («Novi Commentarii Academiae Scientiarum Imperialis Petropolitanae», XIII, СПб., 1768). (лат.)
  • «Naturgeschichte merkwürdiger Thiere» (Берлин, 1769—1778). (нем.)
  • «Dierkundig mengelwerk, in het welke de nieuwe of nog duistere zoorten van dieren, door naauwkeurige afbeeldingen, beschryvingen en verhandelingen opgehelderd worden» (Утрехт: van Paddenburg & van Schoonhoven, 1770). (нид.)
  • «Reise durch verschiedene Provinzen des Russischen Reichs» (СПб., 1771—1801). (нем.)
  • «Merkwürdigkeiten des Morduanen, Kasaken, Kalmücken, Kirgisen, Baschkiren etc.» («Достопримечательности мордвы, казахов, калмыков, киргизов, башкир и др.», Франкфурт и Лейпциг, 1773—1777, в 3 томах). (нем.)
  • «Flora Rossica» (СПб., 1784—1788, в 2 частях). (лат.)
  • «Observations sur la formation des montagnes et sur les changements arrivés au Globe, particulièrement à l’Empire de Russie» («Acta Academiae Scientiarum Imperialis Petropolitanae», СПб., 1777). (фр.)
  • «Novae species Quadrupedum e Glirium ordine» (Эрланген, 1778). (лат.)
  • «Mémoires sur la variation des animaux» («Acta Academiae Scientiarum Imperialis Petropolitanae», СПб., 1780). (фр.)
  • «Каталог растениям, находящимся в Москве в саду его превосходительства действительного статского советника и Императорского Воспитательного дома знаменитого благодетеля, Прокофия Акинфиевича Демидова, сочинённый П. С. Палласом, академиком санкт-петербургским» (СПб., 1781). (рус.) (лат.)
  • «Icones Insectorum praesertim Rossiae Sibiriaeque peculiarium» (Эрланген, 1781—1806, в 4 выпусках). (лат.)
  • «Tableau physique et topographique de la Tauride» («Nova Acta Academiae Scientiarum Imperialis Petropolitanae», X, СПб., 1792). (фр.)
  • «Bemerkungen auf einer Reise in die südlichen Statthalterschaften des Rußischen Reichs in den Jahren 1793 und 1794» (Лейпциг, 1799—1801) (нем.) и «Travels through the southern provinces of the Russian Empire» (Лондон, 1802, в 2 томах; «Наблюдения, сделанные во время путешествия по южным наместничествам Русского государства») (англ.).
  • «Species Astragalorum descriptae et iconibus coloralis illustratae» (Лейпциг, 1800). (лат.)
  • «Illustrationes plantarum imperfecte vel nondum cognitarum» (Лейпциг, 1803). (лат.)
  • «Zoographia rosso-asiatica» (лат.): в 3 томах. СПб.: Изд. Академии наук, 1811. Том 1, Том 2, Том 3.

Орус тилине которулуп, басылып чыккан эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Путешествие по разным провинциям Российского государства» (СПб., 1773—1788; первая часть вышла вторым изданием в 1809 году).
  • «Описание растений Российского государства, с их изображениями» (СПб., 1786; переиздана в типографии Корнильева в Тобольске в 1792 году).
  • «Сравнительные словари всех языков и наречий, собранные десницей Всевысочайшей особы императрицы Екатерины II» (СПб., 1787—1789, в двух томах; второе издание вышло в четырёх томах под названием «Сравнительный словарь всех языков и наречий, по азбучному порядку расположенный» в 1790—1791 годах).
  • «Краткое физическое и топографическое описание Таврической области» (СПб., 1795).
  • «Перечень дикорастущих растений Крыма» (1797; описание 969 видов местной флоры).
  • Паллас П. С. Путешествие по разным провинциям Российского государства // Россия XVIII в. глазами иностранцев. — Л.: Лениздат, 1989. — 544 с. — (Б-ка «Страницы истории Отечества»). — 200 000 экз. — ISBN 5-289-00420-3.
  • Научное наследие П. С. Палласа. Письма. 1768—1771 гг. / Сост. В. И. Осипов. Пер. с нем. В. И. Осипова и Г. И. Фёдоровой. — СПб. фил. архива РАН. — СПб.: Тиалид, 1993.
  • Паллас П. С. Наблюдения, сделанные во время путешествия по южным наместничествам Русского государства / Пер. с нем.; Отв. ред. Б. В. Левшин; Сост. Н. К. Ткачёва. — М.: Наука, 1999. — 246 с.
  • Мемуар об изменчивости животных (Пер. с фр. и подготовка к печати А. В. Самокиш) // Истор.-биол. иссл. — 2011. — Т. 3. — В. 3.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Каратаев О.К. Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015.