Taobao

Википедия дан
taobao
URL

taobao.com

Сайттын түрү

Интернет-дүкөн

Жеткиликтүү тилдер

Кытай тили

Ээси

Alibaba Group

Автору

Alibaba Group

Ачылган күнү

2003[1]

Сервердин жайгашкан жери

 Кытай: Ханчжоу, Чжэцзян

Учурдагы абалы

Активдүү

Taobao.com (кыт. улут. 淘寶網, жең. 淘宝网, пиньинь: Táobǎo Wǎng, Таобао сөзмө-сөз: "кенч тармакты издеп") — eBay, Amazon жана Rakuten'ге окшогон Кытайдын онлайн соода-сатык веб сайты. Ал Ханчжоу, Чжэцзян жергесинде Alibaba Group тарабынан иштетилет.

Alibaba Group тарабынан 2003-жылы 10-майда негизделген Taobao Marketplace керектөөчүдөн-керектөөчүгө (C2C) чакан бизнестерге жана жеке ишкерлерге аянтча камсыздоо аркылуу чекене соода жүргүзүүгө көмөктөшөт. Ал негизинен кытай тилдүү аймактарда (Кытайдын негизги бөлүгү, Гонконг, Макао жана Тайван), ошондой эле чет өлкөлөрдө керектөөчүлөргө онлайн дүкөндөрдү ачууну камсыздайт. 2010-жылдын аяктарында Taobao'до катталган мүчөлөрдүн саны 370 миллиондон ашуун адамга жетип, анын болдолдуу 80% Кытайдын онлайн соода базарын түзгөн.

2013-жылдын март айына карата, 760 млндун тегерегинде продукция тизмеленип, Taobao Marketplace Alexa рейтингиндеги маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң көп адам кирген 20 сайттын бири болуп калган. 2013-жылдын 31-мартында аяктаган бюджеттик жылга карата, Taobao Marketplace менен Tmall.com'догу дүң товардын көлөмү (ДТК) 1 трлн юандан ашып, eBay менен Amazon'дукунан дагы көптү түзгөн. The Economist журналы аны "өлкөнүн эң ири онлайн базары" деп атаган.

Соодагерлер товарларды белгиленген баада же аукцион аркылуу сатыкка коё алышат. Аукциондор транзакциялардын аз гана пайызын түзөт. Буюмдардын көпчүлүгү жаңы товарлар, алар белгиленген баада сатылат. Сатып алуучулар сатуучулардын бэкграунддарын сайттагы жеткиликтүү болгон маалыматтар менен баалай алышат, анын ичинде рейтингдер, пикирлер жана арыздар бар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 关于淘宝(китайский)