Анды

Википедия дан
Анд тоолору.
Анд тоолору.

Анд тоолору - Анд Кордильерасы (инктердин тилинде анта - жез, жездүү тоо) Жер шарындагы тоо системасынын эң узуну (9 миң км) жана эң бийиктеринен (Аконкагуа чокусу, 6960 м). Түштүк Американы түндүгүнөн бүт жана батышынан курчайт; Кордильеранын түштүк бөлүгү. Анд тоолору - соңку көтөрүлүүлөрдүн натыйжасында Анд (Кордильера) геосинклиналдык бүктөлүү кырчоосунун ордуна кайра пайда болгон тоо. Анд тоолору негизинен түстүү металл рудаларына (Борбордук Анд тоолору) бай, алдыңкы жана тоо алдындагы ийилген жерлерде нефть, газ (Кариб, Борбордук Анд тоолору) кендери бар. Анд тоолору негизинен меридиан багытында жарыш жаткан Чыгыш Кордильера, Борбордук Кордильера, Батыш Кордильера, Жээк Кордильера кырка тоолорунан турат. Булардын аралыктарында ички бөксө тоолор менен платолор (Пуна, Альтиплано-Боливия менен Перуда) жана ойдуңдар жайгашкан. Табигый өзгөчөлүктөрү жана орографпясы боюнча Түндүк, Борбордук жана Түштүк Анд тоолоруна бөлүнөт. Түндүк Анд тоолору Кариб Анд тоолоруна, үч негизги Кордильерадан (Чыгыш, Батыш жана Борбордук) турган Түндүк-Батыш Анд тоолоруна жана негизги эки Кордильерадан (Батыш жана Чыгыш) турган, Экватордук Анд тоолоруна бөлүнөт. Борбордук Анд тоолору (28° түштүк кеңдикке чейпн) Перу Анд тоолорун жана Борбордук Анд тоолорунун өзүн же Борбордук Анд тайпак тоосун камтыйт. Түштүк Анд тоолору Чили-Аргентина же субтропиктик Анд тоолоруна, Патагония Анд тоолоруна бөлүнөт. Анд тоолору алты климаттык алкакта (экватордук, түндүк жана түштүк субэкватордук, түштүк тропиктпк, субтропиктик жана мелүүн) жатып, чыгыш (ылымта) жана батыш (айдарым) капталдарындагы жаан-чачындын өлчөмү кескин түрдө айырмаланып (айрыкча борбордук бөлүгүндө) турат. Анд тоолору океан аралык суубөлгүч болуп эсептелет. Андан Амазонка жана анын куймалары, ошондой эле Ориноко, Парагвай, Парананын куймалары, Магдалена дарыясы, Патагониянын дарыялары башталат. Анд тоолорунда дүйнөдөгү ири көлдөрдүн ичинен эң бийик тоолуу көлү - Титикака жайгашкан. Түндүк-Батыш Анд тоолорунан Борбордук Анд тоолорунун түштүгүнө чейинки айдарым нымдуу капталдарын экватордук жана тропиктик нымдуу токой (тоо гилеясы) ээлейт. Ал үч бийиктик алкака (тьерра-кальенте, тьерра-темплада жана тьерра-фриа) бөлүнөт. Субтропиктик Анд тоолорунда дайыма жашыл кургак субтропик токою жана бадал, 38° түштүк кеңдиктен түштүктө дайыма жашыл нымдуу жана аралаш токой өсөт. Бийик платолорго - түндүгүнө экватордук тоолуу парамос шалбаасы, Перу Анд тоолоруна жана Пунанын чыгышына бийик тоолуу тропиктик кургак халка талаасы, Пунанын батышына жана 5-28° түштүк кеңдиктердин аралыгындагы Тынч океандык батыш жээкке чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Анд тоолору - хина дарагынын, кока, картошка жана башка баалуу өсүмдүктөрдүн мекени.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1