Титикака
| Титикака | |
| исп. Lago Titicaca | |
| Титикака көлү | |
| Координаттар: 15°50′11″ ю. ш. 69°20′19″ з. д./ BO_scale:1000000 HGЯO | |
|---|---|
| Морфометриясы | |
| Деңиз деңгээлинен бийиктиги |
3812 м |
| Аянты |
8372 км² |
| Көлөмү |
893 км³ |
| Жээгинин узундугу |
1125 км |
| Эң терең жери |
281 м |
| Орточо тереңдиги |
107 м |
| Узундугу |
190 м |
| Туурасы |
80 м |
| Гидрологиясы | |
| Минералдашуунун түрү |
Тузсуз (аз өлчөмдө туздуулук бар) |
| Туздуулугу |
1 ‰ |
| Тунуктугу |
4.5-10 м |
| Суу топтоо бассейни | |
| Суу топтоо аянты |
58 000 км² |
| Куйган дарыялар |
Суches, Илаве, Коата, Рамис, Кала cana |
| Агып чыккан дарыялар |
Десагуадеро (Поопо көлүнө куят) |
| Кошумча маалыматтар | |
| Орточо максималдуу температурасы |
14 °С |
| Орточо минималдуу температурасы |
10 °С |
| Көлдүн тоңушу |
тоңбойт (жээктери гана кээде тоңушу мүмкүн) |
| Аралдары |
41ден ашык (ирилери — Исла-дель-Соль, Амантани, Такиле, ошондой эле калкыма Урос аралдары) |
| Өлкө | |
| Аймак |
Пуно (Перу), Ла-Пас (Боливия) |
Титикака | |

Титикака (исп. Titicaca; жергиликтүү индей тилинде тити – пума (алардын ыйык туткан жаныбары) жана кака – аска) – Перу менен Боливиянын чек арасындагы көл. Борбордук Анд тоолорунда жайгашкан. Жер шарындагы бийик тоо (деңиз деңгээлинен бийиктиги 3812 м) көлдөрүнүн эн ириси. Тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Аянты 8,3 миң км2. Орточо терендиги 140-180 м, эң терең жери 304 м. Суусунун орточо температурасы 10-12°С. Жээги булуң-буйткалуу, тик. 300дөй дарыя куюп (ириси Рамис), Десагуадеро дарыясы агып чыгат. Ал Поопо көлүнө куят. Туздуулугу 1%о. Кеме жүрөт. Жээгинде жана майда аралдарында аймара жана кечуа элдери жашайт. Ири шаары жана порту – Пуно (Перу). Түштүк-чыгыш жээгинде жана аралдарында байыркы индей маданиятынын эстеликтери сакталган. Уламышта суунун астында Ванаку шаары калган деп айтылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9