Саксония: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Саксония''' - Германиядагы тарыхый аймак. Анда алгачкы орто кылымда славян уруулар..."
 
{{Германия Жерлери}}
14-сап: 14-сап:
== Колдонулган адабияттар ==
== Колдонулган адабияттар ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.

{{Германия Жерлери}}


[[Категория:Германия тарыхы]]
[[Категория:Германия тарыхы]]

6 август 2021, саат 23:08 учурдагы нуска

Саксония - Германиядагы тарыхый аймак.

Анда алгачкы орто кылымда славян уруулары жашаган. Саксония ны 10-кылымда немис феодалдары басып алып, Мейсен маркасын негиздешкен. Бул марка 1264-ж. Тюрингияны, 1423-ж. Саксен-Виттенбергди (Саксон герцогдугунун бир бөлүгү) караткан соң Германиядагы эң ири княздыкка айланып, анын аймагы Саксония аталган.

Саксонияда 15-16-кылымда алгач ирет капит. өнөр жай пайда болуп, маданият өнүккөн. Саксония - 16-кылымдагы реформачыл кыймылдын жана 1524-26-жылдардагы дыйкандар согушунун чордону. 1547-ж. Шмалькальден согушунда (1546-48) герцог Мориц Саксонский протестант княздарын талкалагандыгы үчүн император Карл Удеп курфюрст титулун алып, Саксония жерин бүт бириктирген. Отуз жылдык согуш (1618-48) мезгилинде Саксония нын өнүгүшү бир топ томөндөгөнү менен 17-кылымдын аягы - 18-кылымда ал кайрадан жогорулаган.

Бирок Саксония да капитализмдин андан ары өнүгүшүнө феод, мамилелер тоскоол кылган. Саксония ны Тундук согушунун (1700-21) жүрүшүндө шведдер, Жети жылдык согушта (1756-63) Пруссия басып алган. Саксония 18-кылымдын аягында Францияга каршы, 1806-ж. Пруссия менен бирдикте Наполеон Iгe каршы согушкан. Иенанын жанында женилген соң (1806-ж., 14-октябрь) Саксония кайра Наполеон тарапга өткөн жана Рейн союзуна кирип, королдук болгон.

Вена конгрессинин (1814-15) чечими боюнча Саксония аймагынын жарымына жакыны Пруссияга өткөн.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.