Баренц деңизи

Википедия дан
Баренц деңизи.

Баренц деңизи - Түндүк Муз океандагы четки деңиз. Европанын түндүк жээги менен Шпицберген, Франц-Иосиф жери жана Жаңы Жер аралдардын ортосунда. Орусия менен Норвегиянын жээктерин чулгап жатат. Түштүгүндө Карск Дарбазасы кысыгы аркылуу Карск деңизи, Горло жана Воронка кысыктары аркылуу Ак деңиз менен туташат. Аянты 1424 миң км2. Көп бөлүгү шельфте жайгашкан; тереңдиги 360-400 м, эң терең жери 600 м. Суусунун көлөмү 316 миң км3. Жээктери булуң-буйткалуу, бийик, аскалуу. Деңиз түбү кум-шагылдуу. Канин жарым аралынан чыгышыраак жапыз, булуң-буйткалар аз. Булундары: Порсангер-фьорд, Варангер-фьорд, Мотов, Кола, Печора, Чеша ж. б. Ири аралы Колгуев. Печора дарыясы куят. Атлантика океанынан келген жылуу агымдын таасиринен деңиздин түштүк-батыш бөлүгү тоңбойт (суунун температурасы февралда 3-5°С, августта 79°С ге жогорулайт), бирок Түндүк Муз океандын муздак агымынан климаты өзгөрүп турат. Кышында түштүк-батыш, жазында жана жайында түндүк-батыш шамалдары басымдуу. Февралдын орточо темпрасы түндүгүндө -25°С, түштүк-батышында -4°С; августта түндүгүндө 0°С-1°С, түштүк-батышында 10°С. Жыл бою күн бүркөк болот. Жылдык жаанчачыны түштүгүндө 250 мм, түш.-батышында 500 мм. Туздуулугу түндүгүндө 32-33%о, түштүк-батышында 35% га жакын. Суткасына 2 жолу ташкындайт (6,1 м ге чейин). Деңиздин түштүк-батышы жыл бою тоңбойт. Түндүк-батышы жана түндүк чыгышында муз жыл бою жатат. Айрым жылуу жылдары деңиздеги муз толугу менен эрийт. Балык (треска, сельдь, пикша, сайда, деңиз окуну, камбала) кармалат. Транспорт үчүн чоң мааниге ээ. Негизги порттору: Мурманск (Орусия), Вардё (Норвегия). Голландия деңиз саякатчысы В. Баренцтин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4