Бегимай Карыбекова

Википедия дан
Бегимай Карыбекова
Лакап ысымдары

Беги (англ. Begi)

Туулган датасы

3 -сентябрь 1998(1998-09-03) (25 жаш)

Туулган жери

Тоголок Молдо, Ак-Талаа району, Нарын облусу, Кыргызстан

Жарандыгы

 Кыргызстан

Агенттиги

Renessans, Germany, Wonderwall Italy, Renessans Russia.

Үй-бүлөсү
Моделдик мүнөздөмөсү
Боюу

1,77 м (5 фут 9 1⁄2 д)

Салмагы

49 кг

Төшү

83 см

Бели

59 см

Жамбашы

89 см

Чачынын түсү

Кара

Көзүнүн түсү

Күрөң

Кошумча маалыматтар
Альма-матер

Кыргызстан эл аралык университети

Бегимай Карыбекова ( 3-сентябрь 1998-жылы туулган) — " Мисс Кыргызстан 2017" наамына татыган кыргызстандык модель жана сулуулар сынагынын ээси.

Өмүр баяны жана карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бегимай Карыбекова 1998-жылы 3-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. Элетте чоң ата, чоң апасынын колунда тарбияланган. Мектепте окуп жүргөндө социалдык тармактарга активдүү кирген. Ошондон улам 14 жашында "Кыргызстан сулуусу" сынагына катышууга сунуш түшкөн. Өзүнүн айтымында, уюштуруучулар келбетине карап, конкурска жаш курагынан эрте катышууга уруксат беришкен. Ал сынактан "Мисс гламур" номинациясына татыган. Ошондон кийин сулуулук дүйнөсүндө жолу ачылып, моделдик агенттиктерден сунуштар түшө баштаган. Көп өтпөй Гонконг, Таиланд, Филиппин, Сингапурдун моделдик агенттиктери менен иштешип, эл аралык "КМШ бикини сулуусу", "Мисс Кейт", "Мисс туризм — 2015", Miss Intercontinental 2016 жана Top Model of the World — 2016 сынактарда Кыргызстандын атынан чыгып, акыркы сынакта алдыңкы жетиликке кирген. 2017-жылы "Кыргызстан сулуусу" наамын алгандан кийин "Дүйнө сулуусу " конкурсуна жолдомо алып, бирок Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бара албай калган. 2018-жылы Бегимай Карыбекова "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына катышкан, муну менен ал сынккка катышкан биринчи кыргызстандык кыз болуп эсептелет[1] [2] [3] [4].

2018-жылдан бери расмий түрдө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоо көрсөткөн "Кыргызстан сулуусу" сынагын өткөрүп келет. Кыргызстанда өзүнүн моделдик мектебин да негиздеген.

Сын пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бегимай Карыбекова 2017-жылга чейин эле моделдикти аркалап жүргөнүнө карабай эл аны ошол жылдагы Кыргызстанда өткөн сулуулар сынагында баш байгени уткандан кийин тааный баштаган. Конкурста ал калыстардын "Сүймөнкул Чокморов ким болгон?" деген суроосуна "журналист" деп жооп берип алган. Анын жообу социалдык тармактарда көпкө чейин талкууланган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. #begimaykarybekova (орусча). stapico.ru (8 July 2018). Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2021.
  2. Begimay Karybekova (English). missintercontinental.com (8 July 2018).
  3. Bị Trung Quốc đánh rớt visa, Miss Kyrgyzstan chuyển hướng thi Hoa hậu Hoàn vũ (Vietnamese). baomoi.com (8 July 2018).(жеткиликсиз шилтеме)
  4. Miss Kyrgyzstan 2017 crowned (English). akipress.com (8 July 2018).

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]