Брест тынчтыгы
Брест тынчтыгы (1918) – Брест-Литовскиде (азыркы Брест) Советтик Россия менен Төрттүк союз (Герман империясы, Австрия-Венгрия, Осмон империясы жана Болгария) ортосунда 1918-ж. 3-мартта түзүлгөн тынчтык келишими. Келишимдин шарты боюнча Советтик Россия Европадагы аймактарынын жарымына жакынынан ажырап, Германияга Польша, Прибалтика, Белоруссия менен Закавказьенин бир бөлүгү кеткен жана 6 млрд марка контрибуция төлөнгөн. Советтик Россия согуштан чыгуу жана бийликти сактап калуу максатында Брест тынчтыгын түзүүгө барган. Ал эми башында Лев Троцкий жана Николай Бухарин турган «солчул коммунисттер» бул келишимдин шарттарына каршы чыгышкан. Ошондой эле позицияда турган солчул эсерлер да Москвада (1918, июль) Брест тынчтыгына карата нааразылык билдирип, куралдуу каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулган.
Компьен жарашуусунун (11.11.1918) шарттарына ылайык, жеңилген Германия Брест тынчтык келишиминен баш тарткан.
13-ноябрда Совет өкмөтү Брест тынчтык келишиминин чечимдерин жойгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4