Компьен жарашуусу

Википедия дан

Компьен жарашуусу – 1) Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–1918) жеңилген Германия менен анын каршылаштары – АКШ, Улуу Британия, Франция ж. б. антигерманиялык коалициядагы өлкөлөр ортосунда 1918-ж. 11-ноябрда Компьен токоюндагы Ретонд станциясына жакын жерде (Франция) түзүлгөн келишим. Компьен жарашуусу боюнча Германия Европадагы өзү басып алган аймактардан куралдуу күчтөрүн алып кетүүгө милдеттендирилген. Ал эми Германия басып алган советтик аймактан анын аскерлерин чыгаруу каралган эмес. Алар советтик Россияга жана Германиядагы революциячыл кыймылга каршы күрөшүү үчүн Германия армиясынын бир бөлүгүн сактаган. Компьен жарашуусу Версаль тынчтык келишиминин (1919) түзүлүшүнө алып келген; 2) Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 1940-ж. 22-июнда ошол эле жерде фашисттик Германия Франциянын А. Ф. Петен жетектеген чыккынчыл өкмөтү кол койгон келишим. Ал боюнча Петендин өкмөтү фашисттик Германияга каршылык көрсөтүүнү токтотуп, гитлерчилер Франциянын 2/ бөлүгүн оккупациялап, Франция армиясы менен флоту таркатылып, курал-жарак немистердин командачылыгына өткөрүлгөн. 1944-ж. гана Франция фашисттик Германиянын 4 жылдык эзүүсүнөн кутулуп, Компьен жарашуусу биротоло күчүн жоготкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]