Девон мезгили
Девон мезгили (системасы), девон – палеозой заманынын ортосундагы геологиялык мезгил; жер кыртышындагы тоо тек катмарларынын палеозой тобундагы системасы. Силур мезгилинен (системасынан) кийин, таш көмүр мезгилинен (системасынан) мурда турат. 1839-ж. англиялык геологдор Р. Мурчисон жана А. Седжвик Улуу Британиянын Девоншир графтыгынын аймагында өз алдынча системага бөлүп, аны ошол графтыктын аты менен атаган. Девон мезгили 410 млн жыл мурда башталып, узактыгы 60 млн жылга жакын созулган. Анда пайда болгон тоотек катмарлары 3 бөлүмгө (астыңкы, ортоңку жана үстүңкү), 7 яруска ажыратылган, алардын астынкы 3 ярусу азырынча толук аныктала элек. Девон мезгилинин башталышында мурда болуп өткөн каледон тектон бүктөлүүлөрүнүн таасиринен жер бетинин көп бөлүгү көтөрүлүп, деңиздер тартыла баштаган. Ал жерлерде байыркы кумдук чополордон түзүлгөн кызыл түстүү лагуна-континенттик чөкмөлөрдүн калың катмарлары пайда болгон. Девон мезгилинин ортосунда жана аяк ченинде платформалар менен геосинклиналдарда жер бети кайрадан чөгүп, суу каптай баштаган. Девон мезгилинде көпчүлүк жерде, айрыкча геосинклиналь аймактарда магманын сыртка атылып чыгышынан тоотектер түзүлгөн; айрым жерде галоген чөкмөлөрүнүн (доломит, гипс, ангидрит, таш туз жана башка) топтолуусу жүргөн. Девон мезгилинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү силур мезгилине караганда кескин өзгөрүүлөргө учураган. Жаныбарлардан брахиоподдор өтө өөрчүп, анын теребратулид, продуктид сыяктуу жаңы түрлөрү чыккан. Спирифериддер менен ринхонеллиддер кеңири тараган. Атрипиддер менен пентамериддер девондун аягында толук кырылып калган. Граптолиттер мезгилдин башталышында жашаган. Гониатиттер менен климениялар жаңыдан пайда болгон. Кораллдар болсо дагы эле чоң роль ойногон. Моллюскалар, мшанкалар, фораминифералар мурдагыдай эле жашоосун уланткан. Зор өлчөмдөгү рак сымалдардын өнүгүүсү күчөгөн. Омурткалуулардан баш сөөксүз жана азыркы балыктар өнүгүп, Девон мезгилинде чоң мааниге ээ болгон. Өсүмдүктөрдөн мезгилдин аягында жок болгон псилофиттер, жаңыдан пайда болгон папоротник сымалдар, птеридоспермдер, плаундар жана кырк муундар кеңири таралган. Кен байлыктардан негизинен нефть менен газ, таш туз менен гипстин ири катмарлары, боксит, таш көмүр жана күйүүчү сланецтер, жездүү кумдуктар, темир-марганец жана коргошун кенташтары пайда болгон. Кыргызстанда деңиз түбүндө акиташ теги менен бирге химиялык чөкмөлөр түрүндө пайда болгон бир нече коргошун кени Девон мезгилинде полиметалл-карбонаттар формациясында жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстан:энциклопедия
- Геологические строение СССР. Т. 1 – Стратиграфия. М., 1968; Чарыгин М. М., Васильев Ю. М. Общая и историческая геология. М., 1968; Асаналиев У. Литология и рудоносность девонских и нижне каменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974.