Мазмунга өтүү

Жылан

Википедия дан
Жылан

Жезбаштуу калкантумшук (Agkistrodon contortrix)
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Serpentes Linnaeus, 1758

Аймак

сүрөт

ГеохронологияКалып:Фанерозой-V2.2n

Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө

Жыландар (лат. Serpentes) — хордалуулар тибиндеги сойлоочулар. Денеси узун, буттары жок, мезгили менен түлөп туруучу мүйүздөнгөн кабырчык менен капталган. Ачаланган ичке, узун тили сезүү милдетин аткарат. Жыландар чөптүн, бадалдардын арасында, таштын астында, жердин жаракасында, бакта жана башка жерлерде жашайт. Бардык түрү сууда жакшы сүзөт, жаныбарлар менен азыктанат. Ири жыландар омурткалуулар (балык, бака, куштар, майда сүт эмүүчүлөр), майдалары курт-кумурскалар, моллюскалар жана башка менен азыктанат. Табылгасын уусу менен (уулуу Ж.), кысып же башы менен уруп өлтүрөт. Уулуу Жыландардын үстүңкү жаагында башка тиштеринен чоңураак 2 уулуу тиши бар. Уу чыгаруучу каналга уулуу безден уу агып келет. Жыландар тынч турганда уулуу тиши үстүңкү жаагынын алдына кайрылып турат. Чакканда тишин алдыга чыгарып, күч менен табылгасына матырат. Уулуу жыландар уусуз жыландардан сырттан караганда тишинен башка айырмаланбайт. Кадимки шартта Жыландын тишин ачып кароо мүмкүн болбогондуктан Жыланды көргөндө чочутпоо, ага тийбей өзү сойлоп кетүүгө мүмкүндүк берүү керек. Алар кишиден коркот, өзүн коргоо үчүн чагып алат.

Дүйнөдө белгилүү 2500дөй түрдүн 200дөн ашык түрү уулуу. Талаа кара чаар жыланы Кавказ, Казакстан жана Орто Азиянын талаа зонасында; кавказ кара чаар жыланы Түндүк Кавказ жана Закавказьеде, гюрза Кавказдын чыгыш бөлүгүндө жана Орто Азиянын түштүгүндө; кумдак эфа Орто Азиянын чөл жана жарым чөлдөрүндө, чырылдактар тукумундагы калкан тумшуктар Казакстан, Орто Азия, Сибирдин түштүгү жана Ыраакы Чыгышта кезигет. Кавказ, Орто Азияда кезигүүчү муунткуч жыландар Азия, Африкада жана Америкада жашоочу узундугу 10 метрге жеткен анаконда, питон жыландар булардан айырмаланып, узундугу 1 м.ден ашпайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8